30
Июнь
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдардын жетекчилерине ачылышы быйыл пландалган өндүрүштүк ишканалардын курулушунун сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды
Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 30-июну – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында үстүбүздөгү жылы ишке берүү планына киргизилген 134 өндүрүштүк ишкананын курулушунун жүрүшү тууралуу видео-конференц-байланыш аркылуу жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары катышты.
Отурумда негизинен өндүрүштүк ишканаларды куруу иштеринин жүрүшүндө жаралып жаткан маселелер жана аларды чечүү жагдайлары каралды.
Анда МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине 134 долбоорду ишке ашырууга жардам берүүгө, аларда пайда болгон көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жеке жоопкерчилик бекитилгенин айтып, ачылышы быйыл пландалган өнөр жай ишканаларынын сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
“Көйгөйлөр жаралбашы керек, жумуш басаңдаса тийиштүү чаралар көрүлөт. Өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүүдө кандай маселе жаралса ыкчам чечип, сапатына да өзгөчө көңүл бургула. Ачылган ишканалар кийин иштеп кетүүсү үчүн жергиликтүү мамлекеттик органдар инвесторлорго так маалымат бериңиздер. Президент “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Ошол себептүү, өлкөдө дайым экономикалык өсүш болуп турушу керек, 2030-жылга чейин ИДПны 30 млрд долларга жеткирүү зарыл. Жакын арада ар бир райондо экономикалык анализ жүргүзүлөт, өз тармагыңарда ишти күчөткүлө”, – деди МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.
Белгилей кетсек, 2024-жылы Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өнөр-жай ишканаларын ишке киргизүү боюнча долбоор иштелип чыгып, жыл соңунда 102 өндүрүштүк ишкана ишке киргизилген. Ал эми, быйыл Министрлер Кабинети былтыркыдан кем эмес дымактуу план койгон. Башында 128 долбоорду ишке ашыруу планга киргизилсе, азыркы күнгө карата 134 өндүрүш инвестициялык долбоор катары тизмеге киргизилди.
Статистикалык маалыматтар боюнча, 2025-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 257,9 млрд сомду түзүп, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,8%га көп. Анда эң чоң үлүштү кайра иштетүү өнөр жайы – 74,9%, андан кийин энергетика – 14,3%, тоо-кен казып алуу – 9,8%, суу менен камсыздоо жана калдыктарды кайра иштетүү – 1,0% түзөт. Ал эми кайра иштетүү өнөр жай продукциясынын көлөмү 193,1 млрд сомго жетти (өсүү 15,6%).
Кошумчалай кетсек, долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күндө жалпы инвестициянын көлөмү 126,5 млн долларды түзгөн 6 өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, өз ишин баштады. Аларды ишке киргизүүнүн натыйжасында 930 жаңы жумуш орундары түзүлдү.