18
Август
Министрлер Кабинети мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобону бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобону токтом менен бекитти. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн бекитилген штаттык сандын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
Маалымат менен тиркелген ссылка аркылуу толук таанышууга болот.
https://www.gov.kg/ky/npa/s/4693