29

Август

2025

Кыргызстан эгемендүүлүгү: Транспорт тармагында аткарылып жаткан иштер

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2025-жылдын пландык мезгилинин айрым иштеринин аткарылышы тууралуу маалымат. 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөбүздүн булуң-бурчунда заманбап, сапаттуу жолдорду, көпүрөлөрдү, галереяларды жана тоннелдерди куруу ишин улантууда. Бул ири масштабдагы инфраструктуралык долбоорлор аймактар аралык байланышты бекемдеп, элет менен шаарды жакындатып, жарандардын жашоо сапатын жогорулатууда. Ошондой эле, бул аракеттер өлкөбүздүн экономикасын жогорулатууга  жана социалдык деңгээлинин өнүгүүсүнө салым кошот.

Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу алдында жол тармагына кеңири көңүл бөлүнүп, тармактын өнүгүүсүнө жакшы шарттар түзүлүүдө. Акыркы жылдары, бир катар ири долбоорлор мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда. Ал эми, үстүбүздɵгү жылдын жол куруу мезгилинде салынып жаткан жолдордун дээрлик 80 пайыздан ашыгы мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашууда. 

Бүгүнкү күндɵ ɵлкɵ ичинде тɵмɵнкү жол курулуштары жүрүүдө, алар: 

Балыкчы- Бɵкɵнбаев - Каракол, Түп –Кеген, Нарын–Баетов, Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа, Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка, Ош–Баткен–Раззаков, Балыкчы–Каракол, Сапаровка-Барпы, Түп – Кеген, Суусамыр-Талас-Тараз,  Корумду – Балбай - Баатыр сыяктуу  кɵптɵгɵн ири долбоорлор курулууда. Ошондой эле, Түндүк-Түштүк альтернативдик авто жолунун соңку тилкеси болгон Сафаровка-Барпы жолунун курулушу кызуу жүрүүдɵ.  

Транспорт жана жол тармагына жалпысынан 2024-жылы 22 миллиард 322 миллион сом бөлүнүп берилди, бул каражатка жалпы 1000 км ашуун жолдор оңдолуп, анын ичинен, 802 км автожолго асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, 17 көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Ал эми, 2025-жылдан 7 айынын жыйынтыгында жалпы — 22 миллиард 302 миллион сом каржы бөлүнүп жалпы 490 км жолго асфальт төшөлдү. Бул көрсөткүчтөрдүн күндөн-күнгө өсүүсү иштин жүрүп жаткандыгын айкындайт.

Ошондой эле, туризм тармагын өнүктүрүү максатында, министрлик тарабынан туристтик объектилерге барган жолдордун абалы жакшыртылды. Атап айтсак, Каркыра - Турук - Сары-Жаз жолу аркылуу Чар-Кудук  жайлоосуна барган жол, “Каракол” тоо лыжа базасына, Арстанбап жаңгак токоюна, Сары-Челек көлүнө, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардын, Чүй облусундагы “Теплые ключи” менен “Ысык-Ата” ден соолукту чыңдоо борборуна барган жолдор оңдолду. Учурда, Арашан-Чуңкурчак, “Ала-Тоо резорт” лыжа базасына барчу жол, Базар-Коргон-Арсланбап жана Кырчын жайлоосуна барган жолдор оңдолууда. 

Белгилей кетчүү жагдай, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун түз тапшырмасына ылайык, унаа каттай албай келген бул алыскы тоолуу айылга жолду кеңейтүү жана тегиздөө иштеринин алкагында активдүү аракеттер көрүлүүдө.

Бул жол — жөн гана таш төшөлгөн тилке эмес, бул — элдин үмүтүнө, ишенимине жана мамлекеттин жоопкерчилигине айланган тарыхый долбоор. Аталган жол ишке берилсе, Зардалы айылына жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. 

Дагы бир ири долбоор. Кыргыз–кытай чек арасына кеткен Барскоон–Бедел жолунун курулушу башталды. 

Барскоон–Бедел жолу — Кыргызстандын экономикасы үчүн стратегиялык мааниси өтө жогору болгон ири транспорттук долбоорлордун бири. Бул жол Кытай менен түз байланыш түзө ала турган жаңы транспорт коридору катары каралып жатат. Учурда Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Торугарт жана Эркечтам өткөрмө бекеттери аркылуу гана жүк ташуу жүрүүдө. Бирок Бедел аркылуу жаңы жол курулса, бул үчүнчү, маанилүү альтернатива болуп, аралык салыштырмалуу 500 км кыскарат. 

Мунун натыйжасында жүк ташуунун убактысы да, чыгымы да кыйла азаят. Бул өз кезегинде экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, кыргыз товарларынын Кытай рыногуна түз жетишин камсыздайт.

Мындан тышкары, 25 жыл мурда салыган Бишкек–Ош стратегиялык автожолда бүгүнкү күнгɵ чейин капиталдык оңдоо каралган эмес. Ушул жылы аталган жолдо масштабдуу оңдоо иштери башталып, Суусамыр өрөөнүнөн Чычкан капчыгайына чейинки 104 чакырымын жаңылоо планы иштелип чыкты. Быйыл Бишкек-Ош жолунун 80 чакырымы капиталдык оңдоодон өтөт.

Ал эми, келечекте Бишкек – Ош автожолунун 664 чакырымынын дээрлик 50 пайыздан ашыгында асфальт төшөө иштери пландалууда. 

Бишкек–Ош жолу — өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырып турган экономикалык жана социалдык маанидеги негизги транспорт тамыры. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен жол куруу техникаларынын базасы толукталды. Жалпысынан 2022–2025-жылдар аралыгында 1234 даана жаңы техника жана жабдыктар алынып, аймактарга жеткирилуудо.

Техникалардын алынышы менен жол куруу багытында олуттуу жылыштар болду. Мурда жеке компанияларга көз каранды болгон аймактар эми өз алдынча иштерди жүзɵɵгɵ ашырууда. Бул кадам – өлкөнүн жол тармагын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ.