13

Сентябрь

2025

Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Борбордук Азия өлкөлөрүнүн балдар омбудсмендеринин Биринчи эл аралык форумуна катышты

2025-жылдын 11–12-сентябрында Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) «Борбордук Азия өлкөлөрүндө балдардын укуктарын коргоо механизмдерин күчөтүүнүн актуалдуу маселелери: Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн аймактык өз ара аракеттенүүсү» деген темада Биринчи эл аралык форум болуп өттү. 


Форумдун ишине Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Европанын бир катар мамлекеттеринин – Финляндиянын, Хорватиянын жана Норвегиянын балдар омбудсмендери, парламенттик түзүмдөрдүн, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. 


Форумга Кыргыз Республикасынын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева катышты. Ал Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү балдардын абалына улуттук мониторингдин өзгөчөлүктөрүнө арналган пленардык сессияда баяндама жасап, бул жаатта Кыргызстандын тажрыйбасы менен бөлүштү. 


Форумдун программасынын алкагында балдарды зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоо, алардын сот адилеттигине жетүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле балдардын санариптик мейкиндиктеги коопсуздугунун көйгөйлөрү каралды. 


Форумдун жыйынтыгында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Декларациясына кол коюлду. 


Иш сапарынын жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Камаловна Нарбаева менен да жолугушту. 


Борбордук Азиянын балдар омбудсмендеринин аймактык платформасын түзүү жөнүндө кабыл алынган чечим форумдун негизги жыйынтыктарынын бири болуп саналат жана балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча биргелешкен ишмердүүлүк үчүн жаңы келечекти ачат.