07
Октябрь
Министрлер Кабинети 2026–2028-жылдарга карата жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмектерин бекитти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026–2028-жылдарга карата жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмектерин бекитти. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ Кыргыз Республикасынын калкынын медициналык жардамдын натыйжалуу түрлөрүнө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.
Аталган токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга жана андан кийинки жылдарга бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылаары белгиленген.
Токтом менен шилтеме аркылуу таанышууга болот https://www.gov.kg/ky/npa/s/4838.