21

Март

2017

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев: Элдин тынчтыгы, бүтүндүгү учурдагы эң маанилүү жагдай

Элдин тынчтыгы, бүтүндүгү учурдагы эң маанилүү жагдай. Андыктан, калктын бүтүндүгүнө шек келтирген чагымчыл күчтөрдөн нарктуу аксакалдарыбыз, ак элечек энелерибиз, жүрөгүндө жалыны бар чечкиндүү жаштарыбыз менен бирдикте акыл калчап, күч бирдикте болоорун айгинелөөгө милдеттүүбүз,-деди Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 21-мартта, Нооруз майрамына карата Ош шаарындагы борбордук аянтта өткөн салтанаттуу иш чарада.

Биринчи вице-премьер-министр Ош облусунун жана Ош шаарынын тугундарын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жетектеген Өкмөттүн атынан жана жеке өзүнүн атынан  көктөм менен бирге келген, жадыраган жаз айынын жарчысы Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Жаңылануунун жарчысы Нооруздун келиши менен жергебиз көрктөнүп, элибиз шаңданып жакшы тилектер менен тосуу элибиздин салтына айланган. Бүгүнкүдөй улуу майрамдарды жалпы элдик майрам катары белгилөө элибиздин ынтымагын тереңдетип, достугун чыңдоодо зор өбөлгө түзөт деп ишенем»,-деди Мухамметкалый Абулгазиев.

Биринчи вице-премьер-министр Ош элине кайрылып жатып, эң башкысы достукту, биримдикти чыңдап, адеп менен ыйманды бекемдеп, мамлекетти ыйык сактап, рухий дөөлөттөрдү, каада-салттарды кийинки муундарга бөксөртпөй улуу мурас катары өткөрүүбүз абзел экендигин баса белгиледи. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү