27

Октябрь

2014

Жоомарт Оторбаев: «Экономикалык өсүү темпинин жайлаганына карабастан, бюджет жана бардык социалдык милдеттенмелер толук көлөмдө аткарылат»

Бүгүн, 27-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өткөн КР Улуттук Туруктуу өнүгүү боюнча кеңешинин кезектеги жыйынында Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Өкмөт тарабынан 2013-2017-жылдарга карата Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын (УТӨС) ишке ашырылышы тууралуу маалыматты сунуштады.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын маанилүү максат-милдеттерин толук аткарууга багытталган.

Жоомарт Оторбаев белгилегендей, министрлер кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалар өкмөттүк отчёттордо гана эмес, статистикалык орган көрсөткүчтөрүндө да тастыкталууда. Алсак, Кыргызстан 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча атаандаштыктын комплекстүү жана авторитеттүү көрсөткүчү, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана анын натыйжалуулук деңгээли боюнча дүйнөдөгү бешинчи мамлекет болуп таанылды, ал көрсөтүлгөн мезгилде өз көрсөткүчүн 121-катардан 107-катарга көтөрүлүү менен 14 позицияга жакшырта алган.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги параметрлерин аткарууда, Өнүгүү стратегиясына киргизилген экономикалык көрсөткүчтөр сакталып, жакшыртылууда. Быйылкы жылдагы анча көп эмес өсүү темпине карабастан, эки жылдын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан жылдык орточо ИДП 7% деңгээлине чыгаары болжолдонууда. Эки жыл аралыгындагы инфляциянын орточо көрсөткүчү 4,5 % түзүп, Стратегияда белгиленген чектен 5-7% төмөн болуп эсептелет.

Стратегияда белгиленген ИДПга карата бюджеттин тартыштык чеги да төмөн, ал ИДПга карата 2,4 % түзүп, республиканын мамлекеттик тышкы карызы 44,4 % түзөт.

“Экономикалык өсүү темпинин жайлаганына карабастан, бюджет жана бардык социалдык милдеттенмелер толук көлөмдө аткарылат»,- деп ишендирип кетти Өкмөт башчы.

Премьер-министр белгилегендей, Стратегияны ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн негизги көңүлү заманбап нормативдик-укуктук базаны түзүүгө багытталган. “Акыркы эки жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 65 Мыйзам жана 300 жакын токтом жана буйруктарды кабыл алган. Жогорку Кеңештин кароосуна мыкты дүйнөлүк практикага негизделген Бюджеттик кодекс, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, Банк кодекси жана башка бир катар мыйзам долбоорлору жөнөтүлгөн»,- деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.

Жыйын жүрүшүндө белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик башкаруу сапатын жакшыртуу жана коррупцияны жоюу боюнча тутумдуу иш алынып барылууда.

Бекитилген жана ишке ашырылып жаткан Мамлекеттик антикоррупциялык саясат стратегиясынын алкагында Өкмөттүн коррупцияга каршы туруу боюнча Иш-аракет планы жана Программасы кабыл алынган, ал абройлуу эл аралык институттардын жогорку баасына ээ болгон.

Министрлер кабинети мамсекторду реформалоо боюнча Жол картасын иштеп чыгып, бекитти, аны ишке ашырууга керектелчү финансылык колдоону эл аралык донорлор көрсөтөт.

Жоомарт Оторбаев өз баяндамасында белгилегендей, иштин так жыйынтыктарына, коом тарабынан баалоого жана эл аралык рейтингдеги көрсөткүчтөрдү жакшыртуу максатында мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүк натыйжалуулугун баалоонун так талаптары киргизилген.

Өкмөт башчы белгилегендей, жыл аягында министрлер сунуштаган пландардын аткарылышы боюнча алардын жеке жоопкерчилиги каралат.

Жыйын жүрүшүндө Өкмөт тарабынан кадрдык саясат жаатында өткөрүлүп жаткан реформалар белгиленди. Жоомарт Оторбаев мамлекеттик органдардын анча жогорку эмес мүмкүндүгүн белгилеп, аны жогорулатуу жана мамлекеттик кызматка адискөйлөрдү ишке тартуу максатында Өкмөт тараптан Токтом кабыл алынып, ага ылайык, маморган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилерине иштин жакшы жыйынтыгы үчүн кызматкерлерге айлык акыны жогорулатуу укугу берилгендигин айтып кетти.

Андан соң, ички органдар ишин реформалоо маселесине токтолууда Премьер-министр белгилегендей, соттук жана укук коргоо тутумун өнүктүрүү максатында Сот тутумун 2017-жылга дейре өнүктүрүү программасы бекитилген, мында аны каржылоо жагы эки эсеге жогорулатылган. Учурда соттордун жана сот кызматкерлеринин айлык акысы 50-200% дейре көтөрүлгөн. Акыркы 2 жылда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу максатында 2 млрд ашуун сом бөлүнгөн. Ага катар Премьер-министр билдиргендей, ички иштерди реформалоо өтө жай, же таптакыр эле кыймылдабай жатат. «Калк тараптан укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө карата ишенбөөчүлүк сакталууда. Ички иштер министрлигинин жаңы жтекчилиги кыска мөөнөт ичинде укук коргоо түзүмүн реформалоо боюнча кескин чараларды кабыл алуусу зарыл»,- деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.

Өз баяндамасында Өкмөт башчы негизги көңүлдү Кыргызстандын евразиялык бирикмеге интеграцияланышы маселесине бурду.

“Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирикмесине кошулуусу республиканын тышкы саясый ишмердүүлүгүндөгү келечектүү багыт катары саналат», — деген Жоомарт Оторбаев, учурда Өкмөт тарабынан Евразиялык интеграциялык бирикмеге кирүүгө тийиштүү бардык нормативдик актыларды даярдоо боюнча иштер жыйынтыкталган.

Жалпысынан Өкмөт тараптан 45 мыйзам долбоору жана 65 Токтом даярдалып, иштелип чыгууда, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу келишим долбору даярдалган.

Өкмөт башчы Жогорку Кеңеш жана парламенттик фракциялар жетекчилерин Өкмөт демилгесин колдоого алууга жана комитет жана фракцияларда каралып чыккан соң, аталган мыйзам долбоорлорун бирдиктүү пакет аркылуу бекитүүгө чакырды.

Андан соң Премьер-министр социалдык маселелерге кеңири токтолуп, социалдык тармак Өкмөттүн ишмердүүлүгүндө биринчи даражадагы маселелеррдин катарында тургандыгын белгиледи. «Учурда социалдык тармакка болгон чыгымдар жалпы республикалык бюджет чыгымдарынын 60% түзөт. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири»,- деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.

Өкмөт тарабынан пенсияларды кезектеги жогорулатуулар өткөрүлдү, анын орточо көлөмү учурда 4600 сомду түзөт. Саламаттык сактоо мекемелерин курууга жана жабдууга 2013-2014-жылдары болжол менен 1,7 млрд сом бөлүнгөн. Быйылкы жылы 56 мектепти жана мектепке чейинки мекемелерди ишке киргизүү пландаштырылууда.

“Өкмөттө социалдык сектордогу реалдуу реформаларды жүргүзүү тууралуу так түшүнүк бар. Ведомство жетекчилери алдында сунушталып жаткан тейлөөлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча так милдеттер коюлган”,- деп белгиледи Өкмөт башчы.

Баяндамадагы негизги көңүл Өкмөт тарабынан бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана жагымдуу инвестициялык абалды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чараларга бурулду.

Маалыматка ылайык, лицензия жана уруксаат берүүлөрдүн жалпы саны 236 дан 101 дейре кыскартылган. Ошондой эле лицензияларды мөөнөтсүз берүү, лицензияны соттун чечими боюнча гана кайтаруу, мамлекеттик эмес уюмдар аркылуу лицензияларды жана уруксаат кагаздарды берүү мүмкүндүгү сыяктуу тутумдуу өзгөртүүлөр киргизилген.

“Бул жааттагы мыйзам чыгаруулар бизде эми дүйнө боюнча эң алгылыктуу болуп эсептелет», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

Баяндамада белгиленгендей, тышкы соода операцияларын өткөрүүнүн тартиби маанилүү түрдө жөнөкөйлөтүлгөн; экспорттук операцияларды өткөрүү үчүн зарыл болгон документтердин саны 8 ден 2 дейре кыскартылган.

Министрлер кабинети белгилегендей, Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык абалды түзүү максатында Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңешке 10 жылдык мөөнөттөгү инвесторлор үчүн турукташтыруу режимин киргизген мыйзамдарга жана башка нормативдик-уктук актыларга өзгөртүүлөр иштелип чыгып, жөнөтүлгөн, ошондой эле Инвестицияларды тартуу боюнча агенттик түзүлгөн.

Улуттук кеңеш жыйынынын жүрүшүндө Премьер-министр маалымдагандай, өкмөт тарабынан салык тармагындагы процедураларды жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар кабыл алынууда, ага ылайык, учурда 5 миңге жакын салык төлөөчү декларациясын электрондук түрдө тапшыра алат. Мамлекеттик социалдык камсыздоо боюнча төлөмдөрдү башкаруу ишин Социалдык Фонддон МСК өткөрүү процесси башталды.

Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Өкмөт тарабынан орто жана кичи бизнес жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн салык отчеттуулугун жана салык төлөмдөрүн тапшыруунун ар-айлык мезгилдик аралыктан квартал сайын тапшырылуучу негизге которуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Өкмөт башчы билдиргендей. Аталган чара 370 000 миңден ашуун салык төлөөчүлөр үчүн салык администрациясына кеткен чыгымды 4 эсеге кыскартууга мүмкүндүк берет.

“Бизде негизги көйгөй катары көмүскө экономика көлөмүн кескин кыскартуу зарылыдыгы калууда. Бардык тийиштүү нормативдик-укуктук база түзүлгөндүгүнө карабастан, учурда мамлекеттик-жеке шериктештик долбоорун ишке ашырууга жеке инвестицияларды тартууга мүмкүн болбой жатат»,- деди Премьер-министр жана аталган маселеге өзгөчө көңүл бурула тургандыгын билдирди.

Жыйын жүрүшүндө Өкмөт башчы билдиргендей, республикада финансылык тутум ийгиликтүү ишке ашырылууда. Депозиттер өсүп, банк тармагынын кредиттик портфель көлөмү учурда 72,5 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40% көлөмгө жогорулаган.

Белгилей кетчү жагдай, 2014-жылы Кыргызстан ФАТФ күңүрт тизмесинен чыгарылган, аталган уюм терроризмди жана кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштырууга каржылоого каршы туруудагы стратегиялык кемчиликтерди жоюудагы жетишкендиктерди белгилеген.

Премьер-министр өз баяндамасында энергетика маселесине да кеңири токтоло кетти. Жоомарт Оторбаев белгилегендей, энергетика тармагында олуттуу реформалар жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тарифтик саясатты аныктоо жүктөлгөн, буга байланыштуу 2014 -2017-жылдарга карата орто мөөнөттү тарифтик саясат иштелип чыккан. Буга катар Өкмөт башчы белгилегендей, 20 жылдан ашуун убакытта энергетика тармагында чогулган көйгөйлөр үстүбүздөгү жылы энергия керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз камсыздоонун мүмкүн эместигине алып келди. «Кыргызстан электр энергиясын сатуучу өлкөдөн аны сатып алуучу мамлекетке айланды”, - деди Жоомарт Оторбаев.

Өкмөт башчы белгилегендей, энергетикалык комплексти модернизациялоо жана өнүктүрүүгө көптөгөн каражаттар тартылууда. Бүгүнкү күндө энергетика жатында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жалпы суммасы 4,3 млрд АКШ доллларын түзөт, алар «Датка-Кемин» электр линиясын куруга, Бишкек ЖЭБ модернизациялоого, Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга, Токтогул ГЭСин реабилитациялоого жана башка бир катар долбоорлорго багытталган.

Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Кыргызстанга «Газпром” ААК келүүсү менен катар жакынкы 5 жыл аралыгында газ бөлүштүрүү тармагына 20 миллиард рублден ашуун инвестиция тартууга мүмкүндүк берет.

“2014-жылдын 1-октябрынан тарта кыргыз Республикасына жаратылыш газын ташууга бболгон баа 1000 м. Куб үчүн 165 долларга дейре төмөндөтүлгөн, натыйжада керектөөчүлөр үчүн газдын 1 м. куб карата болгон баа 12,95 сомго арзандаган”,- деп кошумчалады Премьер- министр.

Ошондой эле Премьер-министрдин баяндамасында Өкмөт тарабынан эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана Кыргызстанды транзиттик өлкөгө трансформациялоо боюнча өткөрүлүп жаткан иштер да айтылды.

“Өлкөдө эч качан мынча сандагы жолдор курулган эмес. Ош-Сары-Таш-Эркечтам жана Карамык жолу бүткөрүлдү. «Түндүк-Түштүк» альтернативдик стратегиялык жолунун, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана, Тараз-Талас-Суусамыр жолдорунун курулушу жүрүүдө. Жакынкы айлардан соң Бишкек-Кара-Балта жана Маданият-Жалал-Абад жолу курула баштайт. Тартылган инвестициялардын жалпы суммасы 1 млрд 500 млн долларды түзөт»,- деди Жоомарт Оторбаев.

Андан соң Өкмөт башчы улуттук долбоорлордун ишке ашырылышына кеңири токтолду.

Жоомарт Оторбаев маалымдагандай, 2013-жылдын январь айынан 2014-жылдын август айына дейре жалпы суммасы 11,6 млрд доллар болгон 77 улуттук долбоордун 288 млн долларлык 11 долбоору ишке ашырылган. Жалпы суммасы 7,1 млрд доллар келген 24 долборду ишке ашыруу башталды. Учурда 2,5 млрд долларлык 23 долбордун үстүндө иш алынып барылууда.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилеп кеткендей, эл аралык донордук коомчулук тараптан Өкмөттүн экономикалык жана социалдык реформаларды жүргүзүүдөгү ийгиликтери белгиленген, ага байланыштуу Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу максатында 2 млрд доллардан ашуун каражатты бөлүү даярдыгы тууралуу билдирилген.

“Биз учурда түптөлүп жаткан фундаменталдык негиздер дүйнөдөгү жана аймактагы орун алган жагымсыз көрүнүштөргө карабастан, экономикалык өнүгүүгө жана 2013- 2017-жылдарга карата Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясында коюлган бардык максаттар жана милдеттерге жетүүгө негиз болооруна ишенебиз», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү