27
Ноябрь
Бүгүн, 27-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Бүткүл дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте ишке ашып жаткан долбоорлорду талкуулаган кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө жети тармакта ишке ашып жаткан инвестициялык долбоорлордун өнүгүүсүнө баа берилди жана бул долбоорлорду ишке ашырууга жолтоо болуп жаткан көйгөйлөр аныкталды. Иш-чарага жети министрлик менен мекеме жетекчилери, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын тийешелүү бөлүмдөрүнүн жана эл аралык донор уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Каржы министри Ольга Лаврованын, саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеванын, билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун, энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин, унаа жана байланыш министри Калыкбек Султановдун, айыл жана суу чарба министри Чынгысбек Узакбаевдин, архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мүдүрү Каныбек Нарбаевдин отчеттору угулду.
Кеңешменин жыйынтыгында Бүткүл дүйнөлүк банкы жана Азия өнүктүрүү банкынын куржунун жакшыртуу боюнча аткарылуучу мерчемдер иштелип чыкты.
“Биз Бүткүл дүйнөлүк банкынын жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандын элинин жашоо турмушун жакшыртууга багытталган аракетин баалайбыз. Учурда биз өнөктөштөр менен реформаларды алга жылдырууда натыйжалуу иштерди жасай алдык. Бизде ачык диалог жана чечимдер үчүн биргелешкен механизмдер бар”, - деди Жоомарт Оторбаев.
Ал эл аралык донор уюмдарынын долбоорлорун ишке ашырууда көрсөткүчтөрдүн жакшырышы менен каржы булагынын көлөмү да өсүп жаткандыгын айтты. 2012-жылы гранттык-насыялык багытта 793 млн. долларга келишим түзүлсө, 2013-жылы 895 млн. долларга жетти бул көрсөткүч.
“Донор уюмдары менен кызматташтыктын жакшырышына карабай, Мерчемделген иштин алкагында чечүүнү талап кылган көйгөйлөр да бар. Биз канааттандыраарлык баага татыктуу болбой калган долбоорлорго баардык аракетибизди жумшашабыз керек. Биз ресурстарды натыйжасыз пайдаланбашыбыз керек. Арийне, айрым министрлик менен мекемелер долбоорлордун аткарылышын создуктуруп, өнөктөштөр менен натыйжалуу иштебей жатканына сын айтылууда. Алар бул долбоорлоруна кол жууп калышы мүмкүн”, - деди Жоомарт Оторбаев.
Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк банктын башчысы Александр Кремер, өз кезегинде Өкмөт тарабынан, анын ичинде каржы министрлиги тарабынан долбоорлор сапаттуу ишке ашырылып жатканын белгиледи.
“Үстүбүздөгү жылы биз алты долбоорго жарым-жартылай канааттандыраарлык эмес жана канааттандыраарлык эмес деген баа бердик. 2014-жылдын февралында төмөнкү көрсөткүчтөгү бир долбоор кыскарат”,- деп кошумчалады Александр Кремер.
Ал эми, Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү Рие Хираока кабыл алынган, Кыргызстан менен өнөктөштүк стратегиясы Директорлор кеңешинин оң баасын алды. Стратегияны аткаруунун негизги ченөлчөмү жыйынтыкка негизделүү жана туруктуу, адал башкаруу.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү