15

Август

2012

Бүгүн, 15-августта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлнара Асымбекованын Кыргызстандагы жеке жогорку окуу жайларынын жетекчилери менен болгон жолугушуусу өттү. Ошондой эле жолугушууга билим берүү жана илим министри Канат Садыков катышты. Өз сөзүндө Г.Асымбекова бүгүнү күнү Кыргызстанда 52 жогорку окуу жайы бар экендигин, алардын ичинен 31 – мамлекеттик, 21 – жеке экендигин айтты. Алты жеке жогорку окуу жайларынын контингенти 59 студенттен 2000-ге чейин жетет, калган жождордо миңге жетпеген студент билим алышат. “Жеке жогорку окуу жайлары негизинен Бишкекте жайгашкан. Ош, Жалал-Абад, Каракол, Балыкчы, Токмок жана Кант шаарларында бирден үчкө чейин  ири окуу жайлары иштеп жатат. Нарын, Талас, Баткен жана Ош облустарында болсо бир дагы жеке жогорку билим берүү мекемелери жок”, - деди Г.Асымбекова. Вице-премьер-министр жолугушуунун катышуучуларына кайрылып, бүгүнкү жолугушуунун максаты жеке жогорку окуу жайларынын өнүктүрүү маселелерин талкуулоо, мамлекеттик жана жеке жождор биргелешип жогорку билим берүүнүн деңгээлин жана экспорттоону көтөрүү экендигин баса белгилеп кетти. Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин жогорку билим берүү системасын реформалоодогу проблемалар жана жеке жогорку билим берүү мекемелерин мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү тууралуу докладдары угулду. Г.Асымбекова жолугушууну жыйынтыктап жатып, жогоруда айтылып кеткен сунуштар жана пикирлер Өкмөттүн мындан аркы ишинде эске алынарын белгиледи. “Жогорку билим берүүнүн сапатын көтөрүү - Өкмөттүн алдында турган негизги милдеттердин бири”, - деп белгиледи вице-премьер-министр.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү