05

Ноябрь

2013

Бүгүн, 5-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева гендердик өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин көчмө жыйынын өткөрдү.

Ал Улуттук пландын аткарылышы боюнча мониторинг жасалгандыгын айтты. “Жер-жерлердеги анализ көрсөткөндөй, иш канааттандыраарлык абалда эмес, мерчемделген иштердин көбү учурунда аткарылбай жатат”,- деди Камила Талиева.

Вице-премьер-министрдин айтуусунда учурда мектеп менен бала бакчалардын жетишсиздигинен улам аялдардын 35,2 %ы үй-бүлөлүк маселелер менен алек. “ Өкмөт бул көйгөйгө өзгөчө көңүл бурууда. “Капиталдык салым” беренеси боюнча мектепке чейинки мекемелердин курулушу каралууда”-деп маалымдады Камила Талиева.

Ошондой эле, Вице-премьер-министр үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка учураган жана оор кырдаалдарга туш келген аялдар үчүн ачылган Токмок шаарындагы кризистик борборду барып көрдү.

Кризистик борбор 2013-жылдан баштап ишке берилген. Социалдык мейманкананын имаратын оңдоого Токмок шаардык мэриясы тарабынан 700 миң сом бөлүнгөн.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү