
Бүгүн, 13-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлнара Асымбекова БУУнун (ЮНИСЕФ) Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Джонатан Вейтч менен жолугушту.
Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин делегациялык тобун кабыл алып жатып, Гүлнара Асымбекова дүйнөдөгү бардык балдарга жардам берип жаткан БУУнун Балдар фондуна ыраазычылыгын билдирди.
«Балдардын жакырчылыгын кыскартууга, ар бир баланын үй-бүлөдө тарбияланып өсүшүнө, билим алышына, басмырлоого кабылбашына жана коомдук жашоого аралашуусу үчүн жасап жаткан аракеттерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогору баалап, колдоого алат. Бүгүнкү күндө балдарды коргоо маанилүү маселе, анткени балдар – биздин келечегибиз”, - деди Г.Асымбекова.
Жолугушуунун жүрүшүндө Гүлнара Асымбекова ЮНИСЕФ менен жемиштүү жана тыгыз кызматташуу жылдарында балдарды коргоого, социалдык турмушун жакшыртууга, медициналык тейлөөсүн камсыз кылууга жана билим алуусуна мүмкүндүк берүүгө багытталган реформалар ишке ашырыла баштагандыгын белгиледи.
“Кабыл алынган программаларга жана милдеттерибизге ылайык реформаларды мындан ары да улантууга ниеттенип жатабыз”, - деди вице-премьер-министр.
Мындан тышкары, вице-премьер-министр 2010-жылдын июнь айында Кыргызстанда болуп өткөн кайгылуу окуя учурунда берген жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди. «Июнь окуясында жапа чеккендерге эл аралык уюмдардын ичинен биринчилерден болуп ЮНИСЕФ жардам берген. Өзгөчө кырдаал учурунда көрсөтүлгөн жардамдардын жалпы бюджети 11 млн. АКШ долларын түзгөн», - деди Г.Асымбекова.
Өз кезегинде, Джонатан Вейтч ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы программаларын жайылтууга жасаган көмөгү үчүн өлкөнүн жетекчилигине ыраазычылык билдирип, жаңы өлкөлүк программага жана 2012-2016- жылдардагы кызматташтыктын планына басым жасады.
«Документ улуттук артыкчылыктарга ылайык Миң жылдыктын декларациясы менен макулдашылган, БУУнун Балдар укуктары боюнча конвенциясынын жана башка негиз берүүчү документтерге таянып иштелип чыккан. Биз балдар менен өспүрүмдөргө алар Баш мыйзамдагы укуктарын иш жүзүнө ашыруусу үчүн жагымдуу чөйрөнү жаратууга аракет кылмакчыбыз», - деди ЮНИСЕФтин өкүлү.
Андан соң тараптар өлкөлүк программаны ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ЮНИСЕФтин 2012-2016-жылдарга карата кызматташтыгынын Планына кол коюшту.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыктын жемиштүү жана келечектүү болушу үчүн үмүт артаарын жана ишенимин билдиришти.
Маалымат үчүн:
30 млн. АКШ доллары жумшала турган 5 жылдык программанын максаты -социалдык теңдикти камсыздоо жана аларды сапаттуу тейлөө, саламаттыкты сактоо тармагын, тамактануу, жеткинчектер менен билим берүү, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен балдарды коргоо.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн БУУнун Балдар фонду менен болгон кызматташуу программасы өнүгүүдөгү 3 негизги маселени камсыз кылат: жакырчылык, социалдык обочолонуу жана балдардын укугун коргоодогу мамлекеттик механизмдердин натыйжасыздыгы.
Муниципалдык жана мамлекеттик бийлик органдары ЮНИСЕФтен жагымдуу чөйрөнү бекемдөө процессине, улуттук мыйзамдардын жетилишине, кадрлардын деңгээлин көтөрүүгө жана социалдык чөйрөнү бекемдөө реформасына жардам алат.
Программанын жалпы максаты - социалдык теңдикти камсыз кылуу жана жакыр жашап, этностор аралык зомбулукка дуушар болуу тобокелдиги бар, социалдык коргоого муктаж болгон балдарды камтуу боюнча Өкмөттүн жана жарандык коомдун күч-аракеттерине колдоо көрсөтүү болуп эсептелет. Кызматташтыктын сунуш кылынган программасы балдардын укугун коргоого, социалдык коргоого, эненин жана баланын өлүмүн, АИВ/ИЖОСту азайтууга, сапаттуу билим берүүгө, абдан аялуу, жакыр жана алыскы коомчулуктарга жардам көрсөтүүгө, чыр-чатактарды болтурбоого багытталган.
Программа үч компоненттен турат:
1) балдар үчүн тең укуктуу, сапаттуу жана тез аткарылуучу система;
2) сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүү болушун күчөтүү;
3) балдардын укуктарынын кызыкчылыгына өсүпрүмдөрдүн жана жаштардын жарандык катышуусу жана өнөктөштүгү.
Биринчи эки компонент абдан аялуу жана басмырланган аялдар, кыздар жана балдар үчүн сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүү болушун борбордук деңгээлде натыйжалуу реформалоону камсыз кылуу максатында улуттук системаларды жана жергиликтүү өнөктөштөрдү колдойт, ал эми үчүнчү компонент балдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктарын ишке ашыруу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө өбөлгө болот.
Иштелип чыккан программага ылайык төмөнкүдөй конкреттүү натыйжаларга жетишилет:
– аз камсыз болгон жана аялуу үй-бүлөлөрдөгү аялдардын жана балдардын көпчүлүгү медициналык тез жардамдын артыкчылыктуу, сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланышат, буга тамак-аш да кирет;
– муниципалитеттер балдарга багытталган жергиликтүү пландарды эффективдүү ишке ашырууну жана мониторинг жүргүзүүнү координациялайт;
– максаттуу муниципалитеттерде мектепке чейинки мекемелердин кызматын колдонгон балдардын үлүшү минимум түрдө 30 %га көбөйөт;
– үй-бүлөлүк же коомдук альтернативдүү институтташтыруудан өткөн балдардын жана кыздардын үлүшү минимум түрдө 25 %га көбөйөт;
– тандалган райондордо бийликтин улуттук жана жергиликтүү органдары экономикалык өнүктүрүүгө, тынчтыкты чыңдоого жана социалдык интеграциялоого жаштардын активдүү жарандык катышуусу үчүн коопсуз жагымдуу чөйрөлөр камсыз кылынат.
[gallery link="file" order="DESC"]