13
Апрель
Бүгүн, 12-апрелде, Премьер-министрдин төрагалыгында КР Өкмөтүнүн кеңейтилген жыйыны өтүүдө.
Күн тартиби боюнча 4 маселе каралат:
1.КР Өкмөтүнүн 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жыйынтыгы;
2.2013-жылдын 1-кварталы үчүн КР Өкмөтүнүн социалды-экономикалык өнүгүүсүнүн алдын ала жыйынтыктары
3.2012_2013-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуунун жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2013-2014-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча чаралар жөнүндө;
4. КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы 3755 “2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө” токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу .
Өкмөттүн жыйынында Ж. Сатыбалдиев 2012-жылы экономикада өндүрүштүн реалдуу кыскаруусу 0,9 % түзгөнүн, ал эми 2011-жылы 6,0% болгонун белгиледи. Жылдын башында экономикалык өсүштүн максаттуу көрсөткүчү 7,5% деңгээлинде болжолдонгон. Ошого карабастан Өкмөт тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде 2012-жылдын 2-жарым жылдыгында макроэкономикалык абалды турукташтырылды жана мамлекеттин социалдык гарантияларын каржылоо толук көлөмдө камсыздандырылды.
Мындан тышкары Өкмөт менен Улуттук банктын биргелешкен натыйжалуу аракеттери баалардын өсүшүнө жол бербеди жан инфляциянын деңгээлин пландаштырган көрсөткүчтө 7-9% кармап турду.
Орточо эмгек акынын бир айлык акысы 2012-жылдын январь-декабрь айларында (кичи ишканаларды эсепке албаганда) 10891 сомду түзүп 2011-жылга салыштырмалуу 16,5 5 көбөйдү.
2012-жылдын 1-ноябрынан баштап пенсиянын орточо көлөмү электр энергиясына компенсация төлөмүн эске алуу менен 4270 сомду түздү, бул күтүлгөн көрсөткүчтөн 200 сомго жогору. 2012-жылкы пенсиянын эки этаптуу жогорулашы былтыркы жылга карата 14%ке жогорулады.
Ошондой эле Өкмөт Башчысы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин жетекчилери 2012-жылы кетирилген кемчиликтердин үстүнөн иш алып баруулардын зарылчылыгына токтолду.
Премьер-министр катышуучулардын көңүлүн министрликтер менен ведомстволордун башка иштерге чыгымдоочу статьялары боюнча чыгашаларынын дайыма өсүп жатканына бурду. “Айыл өкмөттөн баштап министрликтерге чейин каражаттын жетишсиздигине даттанышат. Эчким чыгашаларды кыскартуу боюнча, деги эле бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча эч кандай иш жүргүзүшпөйт. Мисалы, Билим берүү министрлигинин бюджети 2000-жылы 2 млрд. сом, ал эми 2005-жылы 5 млрд. сом, 2013- жылы 23 млрд. сом го көбөйсө да бул тармактагы көйгөйлөр ошол эле бойдон чечилбей калууда. Ушундай эле абал айыл чарба жана мелиорация, транспорт жана коммуникация министрликтеринде орун алган. Ошондуктан бюджеттик каражаттарды рационалдуу пайдаланып, биринчи кезекте приоритеттүү багыттарды каржылоо зарыл”,- деди Премьер-министр.
Андан соң күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Экономика министри Темир Сариев сөз сүйлөдү жана 2012-жылдын экономикалык көрсөткүчтөрүнө кенен токтолду. Анын айтуусу боюнча ички дүң продукт улуттук статистика комитетинин көрсөткүчү боюнча 304,4 млрд. сомду түздү жана экономикада өндүрүштүн реалдуу кыскаруусу 0,9% түздү. Алтынды өндүрүүнүн болжолдонгон көрсөткүчүнүн жарымынын азайышы, ишканалардын токтоп турушу жана жаратылыш-климаттык кесепеттин . агрардык секторго тийгизген таасири мунун негизги себеби болду.
Финансы министри Ольга Лаврова 2012-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу маалымат берди. Анын маалыматы боюнча мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 2012-жылы ички дүң продукцияга карата 28,5 % болду, бул былтыркы жылга карата 12,1% же 9344,1 млн. сомго көп. Салык кирешеси 63911,4 млн. сом же 96,:% болуп план аткарылбай калды. Финансы министри 2013-жыл чектелген ресурстар менен башталганын жана айрым министрликтер, ведомстволор Эсеп палатасы тастыктагандай максатсыз каражаттарды пайдаланган учурлар кездешээрин белгиледи.
Айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев бул тармактагы абал тууралуу маалымат берди. 2012-жылы айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү 167 млрд. сомду түзгөн. Министрдин берген маалыматы боюнча быйылкы жылы 3 вариантта өсүш темпинин деңгээлдери түзүлгөн: 1-пессимистик 101%,2 -оптимисттик -102,5%,3-реалдуу 102%.
Премьер-министр Ж. Сатыбалдиев айыл чарбасына чоң инвестиция киргизилип жатса да 2 пайыздык өсүш берип жатканын сынга алды. “Качан биз азык-түлүк менен өзүбүздү камсыз кылабыз. Дүкөндөрдү карагылачы бардык азыктар чет элдик өндүрүүчүлөрдүкү. Министерствонун 2 пайыздык өсүшкө эч тиешеси жок, анын баардыгы дыйкан-фермерлердин салымы”, -деди жана айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө областтар менен райондордун жетекчилери министр менен катар жооп беришээрин Премьер-министр баса белгиледи.
Өкмөттөн жыйынында мындан тышкары КР өкмөтүнө караштуу архитектура. Курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамагенттигинин директору К.Нарбаев, геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттигинин директору И.Чунуев, мамлекттик салык кызматынын төрагасы И.Масалиев,бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары З. Малабеков жетектеген тармактары тууралуу отчёт беришти.
Жыйындын соңунда айтылган сын пикирлерди эске алып “КР Өкмөтүнүн 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жыйынтыгы жөнүндө” токтом кабыл алынды.;
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү