24

Сентябрь

2014

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: «Калктын Өкмөткө карата ишенимин ачыктык жана айкындуулук аркылуу гана жогорулатууга болот»

Бүгүн, 23-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев КР Өкмөтүнүн коомчулук менен байланышуусунун жаңы ыкмаларынын: жаңы расмий веб-сайттын (www.gov.kg), КР мамлекеттик органдарына жарандардын электрондук кайрылуу интернет-порталынын (www.kattar.kg) жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин «он-лайн» режиминдеги коомдук кабылдамасынын бетачарын өткөрдү.

“Мен тараптан жеке программамда белгиленген Өкмөт ишине карата калктын ишенимин жогорулатуу жагы ишмердүүлүктүн негизги максатын жана аны баалоонун критерийин түзөт, ага ачыктык жана айкындуулук аркылуу гана жетишүүгө мүмкүн. Ошондуктан Өкмөт коомчулук менен байланыш түзүүгө, калк жана ЖМК менен баарлашууга өзгөчө көңүл бурат. Биздин жарандар Өкмөт алардын жашоо шартын жакшыртууга карата жасап жаткан иштеринен кабардар болуп туруусу керек», — деди Жоомарт Оторбаев бетачарды ачууда.

Бул максатта жыйын учурунда Премьер-министр бардык министрлик жана ведомство жетекчилерине 2014-жылга карата Иш-аракет, милдеттер планын ар-бир жаранга жеткиликтүү тилде даярдап чыгуусун тапшырдым. Бүгүнкү күндө ведомстволордун жетекчилери көрсөтүлгөн план боюнча иш алып барууда, ал өз кезегинде “министрдин коомчулук менен түзгөн келишими” болуп саналат. Анда ар-кыл секторлорду, укук коргоо, социалдык, экономикалык жана реалдуу секторду реформалоо боюнча негизги пландар көрсөтүлгөн.

“Бардык пландар Өөкмөттүн, министрлик жана ведомстволордун расмий веб-сайтында, атайы китепчелерде жана ЖМКда жарыяланган. Өткөн жумада вице-премьер-министрлер алар тарабынан көзөмөлдөнгөн министрлик жана ведомстволордун планды аткарышы боюнча отчет беришти. Анын натыйжалары боюнча кадрдык чечимдер кабыл алынат. Бүгүнкү күндө өлкө коомчулугу да Өкмөт ишин көзөмөлдөө процессине активдүү кошулууда. Биз калк менен байланыш түзүүнү жакшыртуу үстүндө активдүү иш алып баруудабыз», — деп кошумчалады Өкмөт башчы.

Аталган өкмөттүк расмий веб-сайттын (www.gov.kg) бетачарында Жоомарт Оторбаев белгилегендей, ресурс ЖМК үчүн тийиштүү маалымат алууга көбүрөөк мүмкүндүк берет, анын катарында видео, аудио форматта жеткиликтүүлүк, аккредитациянын ыңгайлуу формасы орун алып, фотолорду жүктөп алууга мүмкүн, байланыш маалыматтары кеңири берилген.

Өкмөт башчы белгилегендей, КР мамлекеттик органдарына жарандардын электрондук кайрылуу интернет-порталы (www.kattar.kg) өлкөдө жана андан тышкары жүргөн жарандарга өз сунуш, суроолору менен түздөн-түз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жетекчилерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызматтык жактарга кайрылуусуна мүмкүндүк түзөт.

“Жарандардын www.kattar.kg интернет-порталы аркылуу жөнөтүлгөн виртуалдуу кайрылуусу кагаздагы документтер менен катар эле бирдей юридикалык күчкө ээ болот. Аталган демилге Өкмөттүн калк менен өз-ара байланышын жакшыртуу жана маалыматка жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында ишке ашырылган», — деди Жоомарт Оторбаев.

Андан соң Премьер-министр өз коомдук кабылдамаларынын мүмкүндүгүн көрсөтүү иретинде видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын жана Баткен облусунун Баткен шаарынын тургундары менен байланышка чыкты жана алардын суроолоруна он-лайн режиминде жооп берди.

Чакырылган коноктор да жа1ы байланыш ыкмаларынын маанилүү ролун белгилешти. Тактап айтканда, БУУ тутумунун Туруктуу координатору, Кыргызстандагы БУУӨПтүн Туруктуу Өкүлү Александр Аванесов өзүнүн сөзүндө “ байланыштын жаңы ыкмасы бийлик жана калк ортосундагы баарлашууга шарт түзөөрүн” белгиледи.

“КР Өкмөтү маалымат менен гана алмашпастан, калк менен байланышта болуп, анын көйгөйүн он-лайн режиминде чечип, анын демин сезип турууга мүмкүндүк түзүлөт», — деди Александр Аванесов.

«Сорос-Кыргызстан» фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов кошумчалагандай, “өкмөт ачык жана айкын иш алып баруусу зарыл жана бүгүнкү бетачар анын баарлашууга даярдыгынан кабар берет».

КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев өз кезегинде төмөнкүлөрдү белгиледи: «Бүгүнкү учурдан пайдаланып, Өкмөттү маанилүү иш-чаранын өткөрүлүшү менен куттуктайм, анын максаты Конституцияда белгиленгендей, мамлекеттик бийлик элдин кызыкчылыгы үчүн ачык жана айкын иштөөсү тууралуу талабына жооп берет. Эгерде сунушталган аспаптар иштеп кетсе, Өкмөттүн иши ачык жана айкындуулукка жетишет»

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өз сөзүндө Өкмөттүн коомчулук менен байланыш түзүү боюнча маанилүү ишин белгиледи: «Сиздер чындыгында, чоң ишти аткардыңыздар. Бүгүнкү күндө сайт бардык заманбап талаптарга жооп берет. Бул жарандардын жашоосун жеңилдетүүгө шарт түзөт, анткени, ар-бир аймактан кат жөнөтүп, 14 күн ичинде жооп алууга мүмкүндүк түзүлүүдө. Менин пикиримде, мындай ийгиликтердин артында өлкөнүн өнүгүүгө карата багыт алуусу жатат».

«Ата-Журт» фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошева да Өкмөттү байланыштын жаңы ыкмасын киргизүү боюнча ишин кубаттоого алып, куттуктоосун билдирди: «Бүгүнкү күндө, чындыгында, маанилүү иш болууда. Эгерде биз бул тутумду толугу менен ишке киргизе алсак жана жарандардын кайрылуусуна өз учурунда жооп кайтара алсак, анда алдыга коюлган максаттарга жетишебиз».

«Республика» фракциясынын лидери Максат Сабиров жыйынтыгында билдиргендей, “Өкмөт калк менен байланыш түзүү боюнча маанилүү ишти демилгелеп, аны ишке ашыра алды",- деп билдирип, анын ишине ийгиликтерди каалады.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү