
2012-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабановдун төрагалыгынын алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отуруму болуп өттү.
Отурумду ачып жатып, Премьер-министр кечээги отурум учурунда жазгы талаа жумуштарын сапаттуу өткөрүүнү камсыздоого, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ишин баалоо боюнча жаңы системаны киргизүүгө арналган бир катар өзөктүү маселелер каралгандыгын айтты.
“Бүгүнкү отурумдун күн тартибине 5 маселе киргизилген. Аларды кароо жана тиешелүү чечим кабыл алуу дагы абдан маанилүү болуп саналат. Бул чечимдерди ишке ийгиликтүү ашыруу алдыдагы милдеттерибизди аткарууга негиз болуп берет”, - деп белгиледи Премьер-министр.
Күн тартибиндеги биринчи маселе – КР Өкмөтү менен КР Улуттук банкынын 2012-жылга экономикалык саясаты жөнүндө биргелешкен билдирүүсү жөнүндө маселеге кайрылып, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов мамлекеттик экономикалык саясаттын системалуулугу жана ырааттуулугу өлкөнүн стабилдүүлүгүнүн кепилдиги болуп санала тургандыгын айтты.
“2012-жылда Өкмөт экономикалык өсүш 7,5 пайызды түзүшү керектигин пландаштырууда, мында инфляциянын деңгээли 9 пайыздан ашпоосу, ал эми бюджеттин таңкыстыгы ИДПга карата 5 пайыздан ашпоосу керек. Биз бул максаттарга жакынкы 3-5 жыл аралыгында жылына жетип турушубуз керек. Ошондуктан, экономикалык өнүгүү боюнча документтерди иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү процесстери системалык негизге коюлушу зарыл. Ар бир цифра жакшылап эсептелинип, негизделип жана ага жетүү боюнча конкреттүү чаралар менен бекемделиши керек”, - деп баса белгиледи Ө.Бабанов.

Премьер-министр Өкмөт мүчөлөрүнүн көңүлүн тышкы чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө ыкчам аракеттерди көрүү башталган реформалардын ийгилигинин өбөлгөсү болуп санала тургандыгына бурду. Буга байланыштуу Өкмөт башчысы КР Экономика жана моноплияга каршы саясат министрлигине жана Улуттук банкка тышкы факторлордун улуттук экономикага таасирин төмөндөтүү боюнча антикризистик иш-аракеттер планын иштеп чыгууну тапшырды.
Бул маселе боюнча Темир Сариев доклад жасап, 2012-жылга карата бюджеттик саясаттын негизги багыты болуп: мамресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу; социалдык кепилдиктерди жана мамлекеттик милдеттенмелерди аткаруу; бюджеттин таңкыстыгын төмөндөтүү; инвестициялык процессти активдештирүү санала тургандыгын белгиледи. Министрдин сөзүнө караганда, бюджеттик саясатты жакшыртуунун алкагында мамлекеттик карызды башкарууга башкача мамиле жасалмакчы. Бул жааттагы абалды оңдоо үчүн 2012-жылы Мамлекеттик карызды башкаруу боюнча жаңы стратегия кабыл алынмакчы. Ошонддой эле тобоколчилик факторлорун эске алып, салыктык текшерүүлөрдүн натыйжалуу системасын киргизүү менен салыктык көзөмөлдүн процедураларын автоматташтыруу иши ушул жылда бүткөрүлөт.
Бул маселе боюнча дагы бир докладчы, КР Улуттук банкынын төрайымы Зина Асанкожоева 2012-жылы УБ Улуттук банкта автоматташтырылган банктык маалыматтык системаны киргизүү жана каржы рыногунун инфраструктурасын модернизациялоо боюнча долбоордун аягына чыгууну пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча КР Өкмөтүнүн токтомунун долбоору айтылган сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү