29
Март
2012
Бүгүн, 29-мартта, түштөн кийин Премьер-министр Өмүрбек Бабанов иш сапары менен Нарын облусунда болду.
Өкмөт башчы Жумгал районундагы Миң-Куш айылын суу менен камсыздоо системасы менен таанышты. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү аталган система реконструкциялоого муктаж экендигин жана сууга лабораториялык негизде изилдөө жүргүзүү керектигин айтышты.
Өмүрбек Бабанов эмки жумада сууга лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн каражат бөлүнөөрүн маалымдады. Мындан сырткары, суу менен камсыздоо системасын реконструкциялоо долбоорун иштеп чыгуунун зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле Өкмөт башчысы Туюк-Суудагы урандын уулуу калдыктарын сактоочу жайга барды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү эл аралык реконструкциялоо долбоорлорунун негизинде Миң-Куштагы жана Ысык-Көлдөгү Кажы-Сай айылына жакын жерде жайгашкан урандын уулуу калдыктарын сактоочу жайларды бекемдөө үчүн каражат бөлүнгөнүн айтышты.
Эл менен болгон жолугушуу учурунда Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Өкмөттүн коррупцияны кыскартуу, мамлекеттик аппараттын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү боюнча жасалып жаткан иштери тууралуу кыскача айтып берди.
Негизинен 3 ай ичинде Өкмөт тарабынан ири көлөмдөгү инвестициялык долбоорлорду баштоо тууралуу чечимдер кабыл алынды. Мамлекеттик аппаратка болгон чыгымдар кескин кыскартылды. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 2 млрд. сомдук жеңилдетилген 7 пайыздык кредиттер бөлүндү. Ушул жылдын май жана сентябрь айларында пенсиялар көтөрүлөт.
Премьер-министр жолугушууга келген элдин ой-мүдөөсүн угуп, суроолоруна жооп берди. Жолугушуу бүткөн соң Өкмөт башчы Ысык-Көл облусуна иш сапары менен жөнөп кетти.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү