15

Февраль

2012

Бүгүн, 15-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Дүйнөлүк банктын стратегиялар жана операциялар боюнча директору Теодор О.Алерс мырзаны жана Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Сарож Кумар Джа мырзаны кабыл алды. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Дүйнөлүк банкка өлкөдөгү реформаларды колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери катары Ө.Бабанов ирригациялык системаны калыбына келтирүү жана куруу, элди таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, инфраструктураны жакшыртуу маселелерин белгиледи. Коррупция менен күрөшүү маселесине кайрылып, Ө.Бабанов укук коргоо органдарын реформалоо концепциясы иштелип чыккандыгын жана анын алкагында Бирдиктүү улуттук маалымат банкын түзүү пландаштырылып жаткандыгын айтты. Мында системалык өзгөрүүлөр жарандардын мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен түздөн-түз иштөөсүн азайтууга багытталгандыгы белгиленди. Өз кезегинде, Теодор О.Алерс мырза жылуу маанайда кабыл алынгандыгына ыраазычылык билдирип, кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экендигин белгиледи. Ошондой эле ал Дүйнөлүк банктын Кыргызстан менен кызматташтыгын арттырууга кызыкдар жана даяр экендигин белгилеп, март айында Сарож Джа мырза биргелешкен долбоорлорду деталдуу карап чыгуу үчүн кайрадан Кыргызстанга келе тургандыгын маалымдады.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү