26

Январь

2012

Бул тууралу бүгүн, 25 январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отурумунда билдирди. 2012-жылга карата республикалык бюджеттин долбооруна жана 2012-2014-жылдардын божомолуна тиешелүү күн тартибинин үчүнчү маселеси каралып жатканда Премьер-министр бул долбоордо түшкөн кирешенин чегинде гана чыгымдарды каржылоо принциптери камтылганын белгиледи. Өкмөт башчысы  эки баскычтуу бюджетке өтүү, аймактарды өнүктүрүү жана жергиликтүү бюджеттердин каржылык өз алдынчалыгын жогорулатуу керектигин жана ошондой эле социалдык секторду реформалоонун зарылдыгын айтып өттү. “Быйыл Өкмөт жергиликтүү бюджеттерге каражат чегерүү нормативдерин кайра карап чыкты. Муну натыйжысында жергиликтүү бюджеттердин жалпы кирешеси 1 млрд. сомго көбөйөт. Жергиликтүү бюджетке милдеттүү патенттен түшкөн салыктар 100 пайыз калат. Эгер мурун республикалык маанидеги шаарларда кирешеге карай салыктардын 25 пайызы калса, азыр 50 пайызы калат, райондук маанидеги шаарларга мурун 30 пайызы гана калса, азыр 40 пайызы калат, айыл өкмөттөргө мурун салыктын бул түрүнөн эч нерсе каралбаса, эми жалпы түшкөн каражаттын 10 пайызы калат” – деп белгиледи Ө.Бабанов Премьер-министр Ө.Бабанов кендерди иштетүүдөн түшкөн салыктын да 50 пайызы жергиликтүү бюджеттерде калаарын маалымдады. “Бул жергиликтүү бюджеттерди колдоого чоң көмөк болот”, - деди Өкмөт башчысы. “Эң негизги милдет болуп ички ресурстарды максималдуу түрдө мобилизациялоо болуп саналат. Акча каражат агымдарын тескөөнү жакшыртуу жана бюджетти толтуруунун резервдерин аныктоо боюнча жигердүү иш алып баруу зарыл. Бул бажы кызматына, салык кызматына, каржы полициясына жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдор менен мамлекеттик ишканаларга тиешелүү”, - деди Премьер-министр. Өкмөт башчысы жетекчилер тарабынан бюджеттик тартиптин сакталышына өзгөчө көңүл бурду. “Бюджетти стабилдештирүү милдетине карама-каршы келе турган жеке ведомстволук кызыкчылыктарды көздөгөн иш-аракеттерге жол бербеш керек. Сунуштар жана пикирлер Өкмөттүн отурумунда, Өкмөттүн чечими кабыл алынганга чейин айтылышы керек. Эгерде министирлер Жогорку Кенеште айрым маселелер боюнча кызыкчылыктарды көздөгөн иш-аракеттерди жасаганы туурасында факты аныкталса, ведомствонун жетекчиликтеринин жеке жоопкерчилигин кароо боюнча чаралар көрүлөрүн эскертем” – деп белгиледи Ө.Бабанов. Ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги Ыйгарым укуктуу өкүлүнө коалициянын жана фракциялардын жетекчилери менен республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтө турган чечимдерди кабыл алуудан мурун Өкмөт менен макулдашуу тууралу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды. Андан соң сөз каржы министри Акылбек Жапаровго берилди. Өзүнүн докладында каржы министри 2012-жылдагы республикалык бюджеттин долбоорундагы жана 2012-2014- жылдардагы божомолдордогу негизги өзгөчөлүктөр тууралуу маалымдады. Алардын катарына 2 баскычтуу бюджетке өтүү, ушул жылдын апрель айынан баштап мамлекеттик сатып алууларды электрондук соода кылуу аркылуу өткөрүү, бюджеттин тартыштыгын олуттуу түрдө кыскартуу ж.б. кирет. “2013-жылдан баштап түшкөн кирешелердин негизинде гана чыгымдар каржыланат, 2014-жылдын бюджети өнүгүүнүн бюджети болот”, -деп белгиледи А.Жапаров. Ошондой эле каржы министри каралып жаткан 2012-жылдын бюджетинин долбоорунун негизги беренелерине көнүл буруп, бул долбоор Өкмөттүн бекитилген “Туруктуулук жана татыктуу жашоо” аттуу программасына ылайык иштелип чыккандыгын белгиледи. Отурумду жыйынтыктап жатып, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөргө токтолду. “2010-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясы 220 млрд. сомду түзсө, ага салыштырмалуу 2012-жылы ички дүң продукция 50 пайызга көбөйөт, 2014-жылы болсо эки эсеге көбөйөт. Эгер 2009-жылы республикалык бюджет 45 млрд. сомду түзсө, 2012-жылы 80 пайызга көбөйөт. Бул -көмүскөдө жаткан каражаттардын ачыкка чыгышынын жыйынтыгы”, - деп белгиледи Ө.Бабанов. “Мамлекеттик структураларды оптималдаштыруунун негизинде мамлекеттик аппаратты камсыздоого кеткен чыгымдар кыскарды. Эгер 2011-жылы бул максатка 5 млрд. сом каралган болсо, 2012-жылы бул көрсөткүч 3,747 млрд. сомго чейин азайды”, - деп айтты Премьер-министр. Үчүнчү маселени талкулоонун жыйынтыгында Өкмөттүн токтомунун чечиминин долбоору айтылган пикирлер менен сунуштарды эске алуу менен жактырылды.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү