19
Май
2015
Премьер-министр Т.Сариев укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун күчтөндүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди
Бүгүн, 19-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча кеңешме болуп өттү.
Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы коомдук тартипти камсыздоо боюнча чаралар; Кыргыз Республикасындагы криминогендик абал жөнүндө; ошондой эле укук коргоо органдарынын ишиндеги мыйзамдуулуктун сакталышы, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча абал жөнүндө маселелер каралды.
Кеңеш мүчөлөрү Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жана Башкы прокуратуранын ишинин натыйжасы тууралуу маалыматты угушту.
Өкмөт башчы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ишин сынга алды. Ал белгилегендей, ЖАМКты текшерүүлөрдүн жыйынтыгы терс көрүнүштөрдү берди. «Түзөтүү мекемелеринде тартип орнотулган эмес, камакка алынгандарды иш менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлбөйт. Ведомство кызматкерлери ортосунда пикир келишпестиктер орун алган», — деп түшүндүрдү Темир Сариев жана жакынкы арада көйгөйдү чечүү үчүн чаралар кабыл алынаарын кошумчалады.
Ошондой эле Темир Сариев ЖКК эки кызматкери ортосунда орун алган чатак боюнча КР ИИМ Жол-кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченконун ишин жетишсиз деп баалады. Премьер-министрдин айтымында, укук коргоо органдарында мындай фактыларга жол берилбеши керек.
Жыйын соңунда Өкмөт башчы КР ИИМге уюшкан кылмыштуулукка жана криминалитетке каршы күрөшүү боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды. “Коомчулук бизден чечкиндүү аракеттерди күтүүдө», — деди Темир Сариев.
КР ИИМ ЖКК ишине тийиштүү Премьер-министр КР ИИМ ЖКК ишинин уюштурулушун кескин өзгөртүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгууну, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында ЖКК бардык кызматкерлерин POS-терминалдар менен камсыздоону тапшырды.
«Эл аралык маанидеги жолдордо стационардык постторду орнотуу жана ЖКК кызматкерлерине айдоочулардан көмүскө турган жерлерде кызмат өтөөгө тыюу салуу зарыл», — деди ал жана вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге жол коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия ишинин алкагында Бишкек-Каракол айланма жолунда ылдамдык режимин 110 км/саатка жогорулатуу жөнүндө маселени кароо тапшырмасын берди.
Мындан тышкары, Темир Сариев жашы жете электер иши боюнча инспекция ишинин сапатын жакшыртуу маселесин кароону тапшырды. КР вице-премьер-министри Дамира Ниязалиевага, социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевге, билим берүү жана илим министри Эльвира Сариевага балдарга карата катаал мамиле көйгөйүн чечүү боюнча чаралар жыйындысын иштеп чыгуу тапшырылды.
ИИМге участкалык милиция инспекторлорунун кызмат өтөөсүнүн уюштурулушун жана тартибин карап чыгуу, ошондой эле республиканын жарандары жана меймандары эс алуучу жайларда толук тартипти камсыздоо милдети коюлду.
Темир Сариев МУККга диний экстремизм жана терроризмге каршы ишти күчтөндүрүүнү, МУКК АККга бизнес-түзүмдөрдүн ишине негизсиз кийлигишүүнү токтотууну тапшырды. Ал эми Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча мамкызматка коммерциялык түзүмдөрдү көмүскө бизнестен алып чыгуу боюнча Иш-аракеттер планын түзүү тапшырылды.
Мындан тышкары, Премьер-министр ЖАМКга өз ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган тыкыр Планды иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууга киришүүсү тапшырылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү