14
Сентябрь
Премьер-министр Темир Сариев: “Өкмөт шайлоого катышкан бардык саясий күчтөргө бирдей шартты түзүп берет”
Бүгүн, 14-сентябрда, Премьер-министри Темир Сариевдин төралыгы алдындагы шайлоону уюштурууга даярдык боюнча өкмөттүн оперативдүү жыйыны өттү. Жыйын жүрүшүндө шайлоону өткөрүүгө даярдыктар жана биометрикалык маалымат топтоонун жүрүшү талкууланды.
Шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев шайлоону уюштуруу жана өткөрүүгө даярдыктар жана биометрикалык маалымат топтоо боюнча иш активдүү жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Анын айтымында, азыркы тапта өтүп жаткан “Өзүңдү тизмеден такта!” аттуу акциясынын алкагында жарандар шайлоо тизмелеринен өзүн тактап жатканын билдирди.
Премьер-министр Темир Сариев биометрикалык маалыматын тапшырган жаранда шайлоо участокторуна барып тизмеден өзүн тактоосуна үч күн убакыт калганын белгилеп, буга активдүү катышууга чакырды.
Ошондой эле Темир Сариев шайлоо күнү добуш берүүдө ар кандай техникалык маселелердин жаралышын алдын-алуу үчүн ар бир райондо адискөй IT-программисттерди атайын даярдыктан өткөрүүнү тапшырды.
Премьер-министр Темир Сариев мамлекетттик жана жергиликтүү өзүн – өзү башкаруу органдарынын жетекчилерине шайлоого катышкан саясий партияларга үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө бирдей шарт түзүү тапшырылганын маалымдады
“Биз үчүн бийликчил же оппозициячыл партия деген түшүнүк болбошу керек. Бардык партияларга үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө бирдей шарт түзүп беришибиз керек. Ал эми кайсы партияга добуш берүүнү эл өзү чечсин”-деди Темир Сариев.
Ошондой эле Темир Сариев укук коргоо органдарына үгүт өнөктүгү учурунда жана шайлоо күнү коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүүнү дагы бир жолу эскертти.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү