14
Август
Премьер-министр Темир Сариев: «Жаштар саясаты жаатында иш солгун жүрүп жатат»
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 13-августтагы өкмөттүн жыйында билдирди. Жыйында 2015-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясынын ишке ашыруу боюнча иш-пландын аткарылышы боюнча маселе каралды. Бул боюнча Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Марат Нуралиев маалымат берди. Анын айтымында, стратегияны ишке ашыруунун алкагында жаштар саясатынын жүргүзүүнүн нормативдик укуктук базасын жүргүзүү жана социалдык кепилдиктерин камсыз кылуу, экинчиден жаштардын потенциалын өнүктүрүү үчүн 45тен ашык долбоор ишке ашырылып, жаштарды кесип менен камсыз кылуу, дени сак жашоо образыны чакыруу боюнча иштер аткарылууда.
Бирок Премьер-министр Темир Сариев бул жаатта жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды жетишсиз деп баалады. Премьер-министрдин айтымында, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жаштар менен активдүү иш жүргүзө албай, кемчиликтерди кетирүүдө
“ Жаштар биздин мамлекеттин кыймылдаткыч күчү болушу керек эле. Бирок министрлик жаштардын бул потенциалын жакшы колдонуп, алардын жаратмандык күчүн жакшы нукка бурууда солгун иш алпарып жатат. Жаштар министрлиги түзүлгөндөгү тагылган милдеттерди учурда министрлик ишке ашыра алган жок”-деди Темир Сариев.
Ошондой өкмөттүн жыйынында 2015-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясынын ишке ашыруу боюнча иш-пландын аткарылышы министрликтин кемчилигинин белгилеп, Эмгек, миграция жана жаштар министрине жаштар саясаты боюнча иш алпарган орун басарынын жоопкерчилигин 2015-жылдын 1-сентябрына чейин кароону жана 2010-жылга чейин жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү