01

Сентябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариевдин Билим күнүнө карата куттуктоосу

Кадырлуу мугалимдер жана окутуучулар!

Урматтуу студенттер жана окуучулар!

Сиздерди 1-сентябрь Билим күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктап, жаңы окуу жылында албан-албан ийгиликтерди, жаратмандык духту, билим дүйнөсүнүн бийик сересине бет алган багытыңыздардын байсалдуу болушун каалайм.

1-сентябрь баарыбыз үчүн абдан кубанычтуу майрам. Бул Күн билимдин майрамы. Мектеп босогосун  аттай турган 1-класстын окуучусунан тарта, билим угутун жеткинчектерге тартуулаган  мугалимдер мектепти көздөй шашылып, толкундатат. Мен жыл сайын колуна гүл көтөрүп мектепти көздөй агылган кенже класстын окуучуларын көрүп, ичимден бир чети кубансам, бир чети суктанам. Себеби, алардын алдында  билимдин кең мухити,  канчалаган мүмкүнчүлүктөрдүн  эшиги ачылып  олтурат. Дал ушул мүмкүнчүлүктү толугу менен колдонууга биз, мугалимдер, ата-энелер жана бийлик өкүлдөрү шарт түзүшүбүз керек.

Мен бүгүн, Билим күнүн Араван районундагы Төө-Моюн айылындагы жаңы мектептин ачылышы салтанатына катышып белгилеп жатам. Чек ара жакын жайгашкан, алыскы аймактагы мектептин ачылышына катышуу мен үчүн абдан кубанычтуу. Билим мектептен башталса, Мекен чек арадан башталат. Сабаттуу элдин билими  бекем болсо, чек арасы да бекем болот. Бул сөздүн бийик символикасы бар. Анткени, мекенчилдиктин баш тамгасы да өз жериңди сүйүүдөн, аны коргой билүүдөн башталат. Биздин милдет  өз жарандарыбызга татыктуу билим, мекенчил тарбия берүүгө бардык  шартты түзүп берүү. Азыркы күндө дүйнөнү күч эмес, билим башкарат.

Билимдүү элдин байлыгы сабаттуулук. Биздин өкмөттүн башкы стратегиялык приоритети бул сапаттуу билим, сабаттуу улут! Бул жаатта кыргыз өкмөтү  акыркы учурда жигердүү аракет көрүү менен бирге, билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө  өзгөчө көңүл бөлүп жатат.

Мисалы, быйылкы окуу жылында өлкө боюнча 68 жаңы мектеп пайдаланууга берилип жатат. Анын 26сы жаңы окуу жылынын башталышы, 1-сентябрга окуучуларга эшик ачса, 29 мектеп 1-октябрда, ал эми калган 13 мектеп 1-ноябрда колдонууга берилгени жатат. Мындан соң жаңы мектептердин баары: ашкана, спорттук зал, канализация, даараткана, ичүүчү таза суу жана ысык суу менен камсыздалат. Биз мектептердеги санитардык-гигиеналык абалга өзгөчө көңүл буруп, окуучулардын арасында жугуштуу жана башка ооруларды алдын-алуу боюнча иштерди алып барып жатабыз.

Быйыл мугалимдердин айлыгын 50 пайызга көбөйтүлдү.  Бул үчүн үстүбүздөгү  жылдын бюджетинде 2,3 млрд. сом каралды, ал эми эмки, 2016-жылга 6,6 млрд. сом карап жатабыз.

Өткөн жумада Бишкектеги билим берүү кызматкерлеринин III республикалык  съездди өттү. Анын жүрүшүндө өлкө аймагынан келген 1000ден ашык мугалим билим берүү системасынын негизги маселелерин, учурдагы абалын, келечектеги өнүгүү перспективаларын талкуулап, анализдеп, жемиштүү иш алпарды.

Съезддин жүрүшүндө мугалимдердин саламаттыгын чыңдоо жаатындагы маселелерди иретке салуу каралып, өкмөт Билим берүү жана илим министрлиги жана Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзуна атайын фонд түзүүнү тапшырды.

Ошондой эле мугалим, дарыгер сыяктуу социалдык жааттагы кызматкерлердин турак-жай маселесин чечүү үчүн Ипотекалык компания түзүү программасы иштелип чыгууда.

Мунун баары өкмөттүн билим берүү жаатындагы абалды жакшыртууга болгон аракети.

Урматтуу эжей-агайлар!

Сиздер айлык акынын аздыгына, социалдык шарттын кыйынчылыгына карабастан, билим берүү тармагында зор кажыбас кайрат менен иштеп жатканыңыздарды билебиз, жана сиздердин эмгегңиздерди жогору баалайбыз. Мугалимдердин алдында өкмөттүн  жасай турган иштери көп. Сиздер мындан артык, мындан бийик кадыр-баркка  татыктуу мекенчил адамсыздар.

Билим байлыгы эч качан түгөнбөгөн байлык. Ошол байлыкты Сиздер жаратып жатасыздар!

Ошондой эле билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл буруп, алдыбызда турган маңдайы жарык окуучулардын кең келечеги үчүн талыкпай аракет кылалы. Сиздердин билим сапатыңыздар гана улуттун сапатын аныктай алган зор күчкө ээ!

Урматтуу агартуу кызматкерлери!

Сиздер улуу кесиптин ээси катары, адамдын жүрөгүнө билимдин жарыгын жандырган, билим аркылуу дүйнөнүн терезесин ачкан ардактуу устатсыздар!   Баарыңыздарга жаңы окуу жылында албан-албан ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт, арыбас кайрат, мамлекетибизге байгерчилик менен тынчтык каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри                                                                             Т.А.Сариев