13

Сентябрь

2014

Кыргыз Республикасындагы электр энергетикасынын көйгөйлүү маселелери жана анын өнүгүү потенциалы

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

Жоомарт Оторбаевдин макаласы

Кыргыз Республикасындагы электр энергетикасынын көйгөйлүү маселелери жана анын өнүгүү потенциалы

 

Өлкөнүн энергетикалык секторундагы көйгөйлөр жылдар бою чогулуп келген. Бирок бул чөйрөдө принципиалдуу чечим кабыл алуу зарылчылыгы дал ушул 2014-жылга туш келди.

Суу энергетикасы жана өлкөнүн дарыяларынын энергетикалык потенциалы гана өлкөнү түбөлүккө электр энергиясы менен камсыз кылат деген ондогон жылдары бизди ишендирип келген үмүт ишке ашпай калып, жокко чыгарылды.

Электр энергиясын керектөө жаатында так эле ушул 2013-2014-жылдардын кыш мезгили өлкө үчүн тарыхый чек болуп калды. 14 млрд. кВтс жакын өндүрүлгөн электр энергиясынын бардыгын өлкө өз керектөөсүнө жумшады. Быйылкы суу тартыштык жылы сөзсүз түрдө электр энергиясын керектөөнү 11-12 млрд. кВтс чейин кыскартууга алып келет (коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоо мүмкүндүгүн эсепке албаганда). Энергетикалык сектордо так эле ушул жылы экспорттоого багытталган өлкөбүз импорттоого багытталган өлкөгө айланды.

Азыр Кыргызстандын электр энергетикалык комплекси керектөөчүлөрдү жыл бою энергия менен ишенимдүү камсыз кыла албайт. Бул болсо түз экономикалык чыгымдардан тышкары өлкөдөгү ишкердик жана инвестициялык климатты олуттуу начарлатат. Азыркы учурда өлкөдө электр энергиясы менен токтоосуз жана үзгүлтүксүз камсыз кылууну сурам кылган жаңы өндүрүштү уюштуруу боюнча мүмкүнчүлүк жок. Мисалы, «Кристалл» заводун сатууда конкурс болбой калган, анын себептеринин бири деп өндүрүштү керектүү кубаттуулук менен камсыз кылууда көйгөйлүү маселелер болгондугун айтууга болот. Инвесторлорго заводдун өзүнө инвестицияларды киргизүүдөн тышкары энергия иштеп чыгуучу булактарга да кошумча салым кылуу сунушталган.

Суу тартыштык жылынын кесепетинен (Нарын бассейнине суунун чыныгы келиши орто жылдыктын 61% гана түзөт) энергетиктердин божомолу боюнча электр энергиясын керектөөнүн максималдуу көлөмү быйыл араң эле 11.8 млрд. кВтс түзөт, ошондуктан майдагы прогноз менен салыштырганда керектөөнүн лимити кошумча дагы 2.3 млрд. кВтс кыскарат.

Жакынкы жылдарга карата электр энергетиканы өнүктүрүүнүн негизги сценарийи боюнча (циклдик суу цикли менен электр энергиясын керектөөнүн линиялык өсүшү болжолдонот) 2015-жылы электр энергиясын иштеп чыгуу араң эле 11.6 млрд. кВтс түзөт, божомолдук сурам болсо 15.8 млрд. кВтс жетет. Ошону менен, 2015-жылы электр энергиясынын тартыштыгы 4.2 млрд. кВтс түзүшү мүмкүн (480 МВт тегерегиндеги кошумча кубаттуулук керек болот). Ушундай эсептөөлөр көрсөткөндөй, 2017-жылы электр энергиясынын тартыштыгы 6.3 млрд. кВтс (кошумча кубаттуулугу - 720 МВт), 2024-жылы болсо 17.2 млрд. кВтс (кошумча кубаттуулугу – 1950 МВт) жетиши мүмкүн.

Электр энергиясынын 1 кВтс 5 цент наркында тартыштыктын наркы 2015-жылы 210 млн. долларды (1 доллар = 52 сом курсу боюнча 11 млрд. сом), 2017-жылы – 313 млн. долларды (16 млрд. сом) жана 2024-жылы – 861 млн. долларды (45 млрд. сом) түзөт.

Өлкөнүн экономикасынын мындай өсүшү сөзсүз түрдө электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө алып келерин белгилей кетүү зарыл. Экономиканын өсүшүнүн негизгии сценарийи боюнча (сурамдын жылына 5%га жакын өсүшү боюнча) энергия керектөөнүн жылына 1.5-2 млрд. кВтс тегерегинде өсүшү болжолдонот. Же жаңы киргизилип жаткан кубаттуулуктун көлөмү жыл сайын минимум 170-200 МВт түзүүгө тийиш. Эгерде экономика ылдам темп менен өссө (сурамдын өсүшү жылына 7-10%га жакын болсо), анда цифралар кошумча 30-40%га көбөйтүлүүгө тийиш.

Жакынкы жылдарда Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты пайдаланууга киргизилгендин (2016-ж.) - 100 МВт жакын, Бишкектеги ЖЭБди кайра келбеттөөнүн (2016-2017-жж.) - 300 МВт жакын, Жогорку Нарын ГЭС каскады курулгандын эсебинен (2016-2018-жж.) – 240 МВт жакын кошумча кубаттуулуктар күтүлүп жатат.

Ошондой эле өлкөдөгү электр энергиясын керектөөнүн өсүшү акыркы жылдары жаратылыш газды пайдалануунун төмөндөшүнө байланыштуу экендигин белгилей кетүү зарыл. Мунун негизги себеби газдын наркы 2000-2005-жж. 1000 куб.м. үчүн 42 АКШ долларынан 2013-жылы 257 АКШ долларына чейин (же 6 эседен ашык) өсүшү болуп саналат. Ошондуктан, газды пайдалануу 2000-жж. 800 млн. куб.м 2013-жылы 280 млн. куб.м. чейин кескин түрдө азайды.

Кыргызстандын энергетикасынын олуттуу маселеси болуп электр энергиясына ачык-айкын сезондук сурам саналат. Эгерде жылдын жылуу мезгилинде суткалык керектөө бүгүнкү күндө 22-23 млн. кВт саат болсо, жылытуу мезгилинде бул көрсөткүч 70 млн. кВт саат жана андан да жогору болушу ыктымал. Натыйжада кышында ишенимдүү энергия менен камсыз кылуу үчүн керектүү чыгаруучу жана жиберүүчү кубаттуулуктар жайкы мезгилде өз кубаттуулугунун араң эле үчтөн бири гана иштетилип калар жагдай түзүлөт. Бул болсо Кыргызстандын энергия секторуна инвестицияларды тартууга оор абалды түзөт. Бир да инвестор жылына эки-үч айга гана жүктөлө турган электр станциясын курбайт.

Бул маселени чечүү үчүн жайкы мезгилде электр энергиясына тийиштүү сурам болгон рынокторго экспортту уюштуруудан башка айла жок. Так эле ушул максатта, жайкы мезгилде электр энергиясын Борбор Азиядан Түштүк Азияга жеткирип берүү жалпы максатында CASA-1000 КР Тажикстан, Афганистан жана Пакистан менен жогору кубаттуулуктагы электр жөнөтүүчү чубалгылардын тутумун куруу боюнча иш жүргүзүлүп жатат, анткени жергиликтүү аймактык рынокто жайкы мезгилде рыноктук баа боюнча электр энергиясына туруктуу сурам болбойт. Казакстан менен Өзбекстан жылдын жылуу мезгилинде биздин электр энергиябызга муктаж эмес жана аны сууну жиберүү боюнча келишимдердин гана алкагында же өтө төмөн баада сатып алышат.

Ички муктаждыктар үчүн жөнөтүүлөрдүн олуттуу жетишсиздиги менен кездешкен тутумдан электр энергиясын экспорттоо болбош керек деген айрым учурларда угулуп жаткан күнөөлөргө карабастан, эгер өлкөнүн энергетикасына биз биринчи кезекте жеке инвестицияларды тартууну кааласак, Кыргызстандын башка айласы жок. Мында жайкы мезгилдеги экспорттук жеткирип берүүлөр КР электр энергиясынын тартыштыгын көбөйтпөйт жана Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлине таасир этпейт.

Tetratech компаниясынын эксперттери өткөргөн ички керектөөлөрдү жана экспортту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон иштеп чыгуучу кубаттуулуктарды баалоо көрсөткөндөй, учурдагы гидрологиялык шарттардагы электр энергиясынын наркы азыркы учурда курулуп жаткан ГЭС (Камбар-Ата-1) менен Кара-Кечеде курулган көмүр станциясындагыдан да бир кыйла жогору болот. Жана мындан да маанилүү нерсе - орнотулган 1900 МВт кубаттуулугу менен ГЭСке караганда 800 МВт кубаттуулугу менен көмүр станциясы кубаттуулуктун бир топ жогору коэффициентинин эсебинен бир топ электр энергиясын иштеп чыгат.

Адистердин эсептөөлөрү боюнча Камбар-Ата ГЭСтеринин комплекси 31,5% кубаттуулуктун коэффициентине ээ болот, бул болсо өтө эле төмөнкү көрсөткүч. Балким ГЭС жыл ичинде узак мезгилге токтоп калат.

Эгерде адистердин жагымсыз прогноздору туура болуп чыкса жана Кыргызстандагы суунун келиши азайса, анда Камбар-Ата ГЭСтеринин кубаттуулук коэффициенти жана электр энергиясын иштеп чыгуунун жалпы көлөмү буга жараша мындан да төмөн болот.

Бул болсо Кыргызстандагы электр энергиясынын тартыштыгын жоюу үчүн келечекте гидрологиялык шарттарга байланыштуу болбогон кубаттуулуктарды ишке киргизүү зарыл экендиги жөнүндө кабарлайт. Биринчи кезекте Кара-кече кен чыккан жеринде көмүр станциясын куруу жөнүндө сөз болуп жатат. Мындан тышкары Кыргызстандын перспективалуу көмүр кен чыккан жерлеринде кубаттуулугу азыраак бир катар башка ТЭСтерди пландаштырууну жана курууну баштоо зарыл.

Тарифтер

Бүгүнкү күндө калк жана насостук станциялар үчүн электр энергиясына тарифтер 1 кВтс 0.7 сомду түзөт. Мындай тарифтер дүйнөдө эң эле төмөн деп эсептелинет. Тарифтер Тажикстанга караганда 1.6 эсе, Өзбекстанга - 3.7 эсе, Казакстанга - 5.5 эсе, Орусияга - 6.3 эсе, Эстония менен салыштырмалуу 13 эсе арзан.

Бул тарифтер субсидияланган, электр энергиясын иштеп чыгуу жана жеткирип берүү боюнча чыгымдарды жаппаган тарифтер. Энергетиктердин эсептөөлөрү боюнча 2014-жылы өлкөдөгү өндүрүлгөн бир кВтс электр энергиясынын өздүк наркы 1.39 сомду түздү же сатуу баасынан 2 эсе ашты! Мында акыркы 5 жылдын ичинде тарифтер кайра каралган эмес. Ошону менен бирге дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө тарифтер дайыма көтөрүлүп турат, Кыргызстан болсо өзгөчө болуп калган.

Тарифтик реформанын оппоненттери көп учурда Кыргызстан – кедей өлкө жана анын жарандары “кымбат” электр энергиясын сатып алууга кудурети жок деп шылтоо кылышат. Бирок бул мындай эмес! Кыргызстанда орточо эмгек акыга 17 миңге жакын кВтс электр энергиясын сатып алса болот. Бул көрсөткүч боюнча биз бардык башка өнүккөн өлкөлөрдүн алдына чыгып, дүйнөдө Люксембургдан кийин экинчи орунду ээлейбиз.

Көрсөтүлгөн талдоодон Кыргызстандын электр энергетикасы мамлекеттик бюджеттен ири субсидияларды алган жана азырынча өзүн өзү өндүрө албаган экономиканын тармагы болуп саналат деген тыянак чыгарса болот.

Өз кезегинде электр энергетикасынын субсидияланганы мындан да көп ишканаларды жана өзгөчө жарандардын көбүн энергиянын ушул арзаныраак түрүнө өтүүгө алып келет, бул болсо анын жетишсиздигине алып келет. Эгерде 1999-жылы калк 4.2 млрд. кВтс электр энергиясын (жалпы керектөөнүн 30%) пайдаланса, 2012-жылы болсо 7.2 млрд. кВтс (жалпы керектөөнүн 63%) пайдаланды. Натыйжада өлкөдө электр энергиясы жетпей калды, анын сапаты болсо кыйла начарлады.

Тарифтер субсидияланган учурда эмне болот? Энергокомпанияларда тутумдарды жаңыртууга жана модернизациялоого каражат жетишсиз. Жыйынтыгында жабдуулар жана материалдар иштен чыгып, алардын майнаптуулугу кыйла начарлайт. Жана эң эле коркунучтуусу – энергетика секторуна, бөтөнчө иштеп чыгууга түз жеке инвестицияларды тартуу толугу менен жокко чыгарылат. Ошону менен бирге, бардык иштеп чыгуучу кубаттуулуктардын 53% 40 жыл мурун жана андан илгерки мезгилде, калган 37% 30 жыл мурун ишке киргизилген болчу.

Энергияны үнөмдөө

Энергетика секторунун бардык аталган фундаменталдуу “ооруларынан” башка дагы бир принциптүү көйгөй бар. Бул - өлкөдөгү энергиялык майнаптуулукка толугу менен көңүл бурбагандык. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин электр энергиясын керектөө түзүмүнүн динамикасы көрсөткөндөй, 1991-жылдан тартып өнөр жайда электр энергиясын керектөө 2,8 эсе, айыл чарбада болсо – 3,6 эсе азайды. Бул болсо экономиканын жалпы түшүүсүнө, энергияны талап кылган бир катар ири өндүрүштөрдүн жабылышына жана коллективдик чарбалардын көбүнүн таратылышына байланыштуу болду. Бирок мында калктын тиричилигине керектөө 3 эседен ашуун өстү, натыйжада электр энергиясынын жалпы керектөөсү өсүп чыкты.

Электр энергиясын калктын тиричилик муктаждыгына мындай (биринчи кезекте үй жылытууга) пайдалануунун өсүшүнүн негизги себеби болуп энергиянын башка булактарына караганда анын арзаныраак наркы саналат.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча кыргыз экономикасынын энергия коротуу деңгээли негизсиз бийик деңгээлде турат. Өлкөнүн экономикасынын энергия сыйымдуулугу 1000 АКШ долларына шарттуу отун элементинин 1.1 тоннасын түзөт. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө бул параметр 0.09 – 0.18 түзөт, башкача айтканда, пайыздарга да эмес, 6-12 эсеге көп. Башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдө энергия сыйымдуулугу шарттуу отун элементинин 0.22-0.74 тоннасын түзөт. Тыянак: өлкөдө жалпы энергия керектөөнүн көлөмүнөн минимум 40-50%дык баасындагы энергия сыйымдуулугунун ири потенциалы бар.

ПРООНдун маалыматына караганда, Кыргызстандагы электр энергиясын орточо керектөөчү жылына бир чарчы метрге 150 кВтс электр энергиясын керектейт, ушул эле учурда Европадагы керектөөнүн көрсөткүчү 3 эсе төмөн жана жылына бир чарчы метрге 50 кВтс электр энергиясы керектелет.

Электр энергиясынын төмөн тарифтери турак жайды курууда жана пайдаланууда, ошондой эле ишкердик ишти алып барууда энергия үнөмдөөчү жана энергиялык майнаптуу технологияларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн жок. Натыйжада өнүгүп жаткан өлкө үчүн бийик көрсөткүч экендигин белгилеп турган, Кыргызстанда бүгүнкү күндө жылына жан башына 2400 кВтс электр энергиясынын керектелишине карабастан, электр энергетикалык комплекстин калкты электр энергиясы жактан муктаждыгын канааттандырууга мүмкүнчүлүгү жок.

Жоготуулар

Кыргызстандагы энергокомпаниялардын жоготууларынын деңгээли жалпы кабыл алынган эл аралык стандарттан жогору деп эсептелинет. 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча негизинен электр энергиясын уурдоо жүрүп жаткан бөлүштүрүүчү компаниялардын жоготуулары 21% түздү, 2013-жылы бул көрсөткүч 17.1% чейин төмөндөдү. Энергетиктердин рапортторуна ылайык, 2014-жылдын 7 айында жоготуулар кошумча төмөндөп, 15.3%ды түздү. Салыштырмалуу Грузияда бул көрсөткүч 15%ды, Арменияда 13%ды түздү, өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч бир кыйла төмөн. Белгилүү болгондой, коррупциянын бийик деңгээли тарамдарга жаңы, биринчи кезекте коммерциялык, абоненттердин кошулуусунда да байкалат.

Жакынкы жылдарда жоготуулардын деңгээлин 12-13%га чейин түшүрүү зарыл. Адистердин баамында, инфраструктуранын жана ченден чыккан жүктөмдүн эскирүү деңгээли жогору турганын эске алып, бул цифралар реалдуу техникалык жоготуулардын объективдүү көрсөткүчү деп санаса болот. Энергокомпаниялардагы уурдоо жакынкы арада биринчи кезекте электр энергиясын эсептөө боюнча автоматташтырылган тутумдарды киргизүүнүн, онлайн режиминде керектөөнүн деңгээлин берип туруучу жаңы муундагы эсептегичтерди киргизүүнүн жана энергокомпаниялардагы башкарууну жакшыртуунун эсебинен толугу менен жокко чыгарылууга тийиш.

Жыйынтыктоо

2014-жылдагы кризистин себептери – суунун аздыгы, инвестициялардын жоктугу (жабдуулардын эскиргендиги, оңдоонун жоктугунан жылына жабдуулардын толугу менен иштен чыгышы 5 %ды түзөт), энергия үнөмдөө саясатынын жоктугу, импорттолуучу альтернативдүү энергия ташуучулардын (мунай, газ ж.б.) бааларынын өсүшү, электр энергиясынын төмөн (өздүк нарктан төмөн) тарифтери, энергокомпаниялардагы найнапсыз башкаруу, энергия секторунда сакталып калган коррупция.

Өлкөдөгү энергетиканы өндүрүүнүн жаңы улуттук программасын иштеп чыгуу зарыл. Ал өзүнө минималдуу, бирок чаралардын жана реформалардын милдеттүү тизмегин камтууга тийиш.

• Өлкөнүн бардык энергия секторунун ишине калктын ишенимин жогорулатуу, биринчи кезекте коррупция менен күрөшүүгө тийиштүү, энергокомпаниялардагы башкаруунун сапатын жакшыртуу, бүтүн энергия секторун башкарууну кайра түзүмдөө (көз карандысыз тармактык жөнгө салуучу органды, ошондой эле энергокомпаниялардын арасында каражаттарды ачык-айкындуу бөлүштүрүүнү камсыз кылуу үчүн көз карандысыз эсептөө борборун түзүү).

• Имараттардагы жана курулмалардагы энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук боюнча ишти сапаттуу күчөтүү боюнча чаралардын комплексин аткаруу. Мында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үлгү болууга тийиш. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде энергия үнөмдөө боюнча иш-чаралардын деталдуу планын иштеп чыгуу зарыл.

• Энергия үнөмдөөчү эң мыкты дүйнөлүк практикаларга негизделген жаңы имараттарды жана курулмаларды куруу жана пайдаланууга киргизүү боюнча жаңы стандарттарды жана ченематтарды иштеп чыгуу.

• Энергия үнөмдөөнү камсыз кылуу, ошондой эле үзгүлтүксүз камсыз кылуу менен тарифтердин ортосундагы өз ара байланыш боюнча калк арасында масштабдуу маалымат кампаниясын жүргүзүү (брошюралар, эскерткичтер, ЖМКларда материалдарды жайгаштыруу ж.б.).

• Колдонуудагы объектилерди оңдоо жана техникалык жактан тейлөө үчүн жетишерлик көлөмдөгү кирешени камсыз кылуу максатында эң мыкты эл аралык практикаларга ылайык жаңы тарифтик методологияны иштеп чыгуу жана ылайыкташтыруу.

• Кепилденген жана туруктуу каржылоосу менен электр энергиясына акы төлөөгө байланыштуу калктын жарды катмарын социалдык жактан коргоонун майнаптуу тутумун иштеп чыгуу.

• Ата-мекендик көмүр жана газ менен иштеп жаткан жаңы жылуулук электр станцияларын куруу үчүн техника-экономикалык негиздемени даярдоо жана каржылоо стратегиясын иштеп чыгуу. Электр энергетикасына масштабдуу инвестицияларды тартуу.

• Жылытуу жана тамак даярдоо максатында турак жайларды, үйлөрдү, жеке үй чарбаларын, ишканаларды максималдуу газдаштыруу боюнча иш-чараларды өткөрүү.

• Электр жабдууларын жаңылатуу, электр энергиясын иштеп чыгуучу альтернативдүү булактарга инвестицияларды тартуу.

• Кара-Кече ТЭСин – 700 МВт (2017-ж.) (1400 МВт чейин, андан кийин 2800 МВт чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгү менен), Сүлүкү ТЭСин –100 МВт чейин, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин – 1900 МВт долбоорлоо жана куруу боюнча иш-чараларды өткөрүү. Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору 240 МВт кошумча электр энергиясын иштеп чыгууга алып келет (2022-2023-жж.).

• Энергетикага, атап айтканда, иштеп чыгууга, жеке инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу. Бул багытта чечүүчү элемент деп тарифтик саясаттын реформасын санаса болот.

- макалада Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун маалыматтары пайдаланылган.