25
Февраль
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн соттук өкүлчүлүк борборунун “Белоконь Холдинг” компаниясынын мурда Валерий Белокондун пайдасына чечилген арбитраждык чечимин жокко чыгаруу боюнча маалыматтын
2017-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-жылдын 21-февралында Париж Апеляциялык соту «Манас Банк» ЖАК кылмыштуу кирешелерди мыйзамсыз тартып алуусунун негизинде Валерий Белокондун пайдасына чыгарылган 16,5млн АКШ доллар суммасындагы арбитраждык чечимин жокко чыгаргандыгы тууралуу пресс релиз жарыялаган.
2017-жылдын 23-февралында бир катар интернет басылмалар Валерий Белоконго тийиштүү «Белоконь Холдинг» компаниясына ссылкасы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чечимдин жокко чыгарылышы боюнча «жалган» жана «өздөрүнүн кыялын чындыкка дал келтирүүгө аракет кылат» деген статьясын пресс релизди жарыялашты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн соттук өкүлчүлүк борбору «Белоконь Холдинг» компаниясы таркаткан бир нече басылмаларга жарыяланган маалымат жалган чындыкка дал келбей турганын билдирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн соттук өкүлчүлүк борбору дагы бир ирет 2017-жылдын 21-февралында Париж Апелляциялык соту тарабынан чындыгында Манас Банкы мажбурлап кылмыштуу кирешелерди мыйзамсыз тартып алуусунун негизинде Валерий Белокондун пайдасына чыгарылган 16,5млн АКШ доллар суммасындагы арбитраждык чечимин жокко чыгарган.
Соттук чечимде көрсөтүлгөндөй, француз соту француздук мыйзамдуулуктун ыйгарым укуктарынын негизинде Франциянын аймагында арбитраждык чечимди жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алга
Парижа Апелляциялык сотунун чечиминде так көрсөтүлгөндөй арбитраждык чечим коомдук тартипке карама каршы келет деген негизде жокко чыгарылган.
Мындай мыйзам бузуу менен Белоконь Кыргыз республикасындагы «экономикалык бийлик ээлери» анын ичинде Максим Бакиев кылмыштуу кирешелерди тарып алуу максатында Инсан Банкын («Манас Банк» деп аталышын кайра өзгөртүү менен) өзүнө өткөрүп алган. Ошентип француз сотунун арбитраждык чечимин аткаруу Белокондун кылмыштуу ишканасынын каражаттарын бирдей укукта өткөрүп берүүгө тете болот. Жогорудагы негиздемелер менен арбитраждык чечим жокко чыгарылган.
Француз соту өзунүн соттук чечиминде Валерий Белоконь менен Максим Бакиевдин мамилеси алгылыктуу эмес экендигин так белгилеген; «Манас Банк» ЖАК Кыргыз Республикасынын бийлигине өтө жакын болуп, андагы бийлик ээлери тарабынан колдонулган; «Инсан Банк» АК алуу боюнча сынак жөнү жок болгон; «Манас Банк» ЖАК сырткы аудитору Ульяна Пак көз каранды эмес болбогондуктан, «Манас Банк» ЖАК аудиттери ачык көрсөтүлгөн эмес; «Манас Банк» ЖАК кылмыштуу кирешелерди тартып алууда мыйзам бузууларга барган латвиялык «Baltic International Bank» менен түздөн-түз байланышта болгон. Белоконь өз өлкөсү Латвияда анын кирешелерди кылмыштуу жол менен алуу практикасы кыйынчылыкка дуушар болгонунан улам, «Манас Банк» ЖАК мамлекеттеги кылмыштуу кирешелерди алып туруу үчүн түзгөн. Анын бийликтеги мүлктөрдүн ээси менен түз мамилеси болгон.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн арбитраждык чечимди жокко чыгаруу жөнүндө маалыматы чыккандандан кийин, айрым басылмалар арбитраждык чечим болгон акыркы болгонун жана аны кайра карап чыгууга болбогонун басып чыгышты. Ошол кезде, мыйзам боюнча мамлекеттердин басымдуу санынын "кайра каралган" арбитраждык чечими мүмкүн эмес, алар мамлекеттик сот тарабынан тар чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдүн негизинде "бузулган" болушу мүмкүн. Мындай чечимге арбитраждык макулдашуунун чындыкка дал келбей тургандыгы, арбитраждык процедуралардын бузулушу, талкууга мүмкүн болбогон предметтер, арбитраждык такташуулардын жана эл алдында ачык чечимдердин бузулушунун предмети болот.
Мындан ары, - БУУ Конвенциясынын (1958ж, Нью-Йоркто болгон) мамлекетте чет өлкөлүк арбитраждык чечимди мажбурлап аткартуу чечимдерин жокко чыгаруу жана баш тартуунун негиздеринин таануу жана аткаруу, жөнүндө V беренесин таануу жана анын чыгарылган чечимдерин башка мамлекеттерде таануу болуп саналат. Ошондуктан Кыргыз Республикасы биринчи кезекте арбитраждык чечимди жокко чыгаруу боюнча француз сотуна кайрылган. Бул чечимди алуу менен Кыргыз Республикасы мындан ары В. Белокондун арбитраждык чечимди башка мамлекеттерде, анын ичинде Кыргыз Республикасында, Канадада жана Улуу Британия боюнча тоскоолдук кылуунун таануу жана аткартуу боюнча тиешелүү чараларды көрөт.
Арбитраждык чечим жокко чыгарылгандан тартып, «Белоконь Холдинг» (бир нече басылмаларда айтылгандай) компаниясынын арыздарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карыздары өсүүдө деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт.
«Белоконь Холдинг» компаниясынын арыздарынын негизинде Париж Апелляциялык сотунда Белоконь билдирген «фактыларга негизделген эмес» деген билдирүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү соттук өндүрүштө талап кылган, негизсиз жана сыйлыкты жокко чыгаруу боюнча арбитраждык чечими кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү