11

Январь

2017

Кыргызстандан Россияга ташылчу эт, сүт жана балык продукциясынын тизими кеңейтилет, транзит транспорттун бардык түрү аркылуу ишке ашырылат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-январындагы Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу кыргыз товарларын транзиттик ташуу шарттарына түшүнүк берүүгө тийиштүү расмий катына жооп катары Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – айыл чарба министри Аскар Мырзахметовдун колу коюлган расмий кат келип түштү.

Аталган катта маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу Россия Федерациясына Евразиялык экономикалык биримдиктин ишканалар тизимине киргизилген кыргыз ишканаларынын даяр сүт, эт жана балык продукциясын ташуу Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматтары ортосундагы мурда жетишилген келишимдерге ылайык мурдагы режимде ишке ашырылган жана ишке ашырылмакчы, башкача айтканда, транспорттун бардык түрү аркылуу ишке ашырылат.

Бажы биримдиги комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы №317-чечими менен бекитилген ветеринардык көзөмөлгө жаткан Бирдиктүү товарлардын тизимине ылайык тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатуралык кодунун 4 белгиси боюнча мурда уруксаат берилген товарлардын 14 тобуна (даяр сүт, эт жана балык продукциясы) кошумча түрдө товар жүгүртүүнү жогорулатуу максатында, казак тарап 2017-жылдын 1-январынан тарта Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу ташууга уруксаат берилген товарлардын тизимин 86 кошумча товарлардын тобуна кеңейткен.

Алардын ичинен 40 товарлардын тобун бардык транспорттун түрү менен ташууга уруксат берилсе, 46 товарлардын тобун Дүйнөлүк жаныбарлар саламаттыгы боюнча уюмунун (МЭБ) Жан-жаныбарлардын саламаттыгы кодексинин сунуштарына ылайык пломбаланган вагондордо темир жол транспорту аркылуу ташууга жол берилген. Аталган товарлардын тобу кайрадан иштетүүдөн өткөрүлбөгөн мал-жандыктар категориясына тийиштүү. Натыйжада, ЕАЭБ Бирдиктүү тизимине киргизилген бардык атамекендик ишканалар өз продукциясын темир жол жана автомобилдик транспорт аркылуу экспорттой алат. Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу ташууга уруксаат берилген товарлардын тизими тиркелет.

Буга катар Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлиги Евразиялык экономикалык комиссия кеңешинин 2014-жылдын 9-октябрындагы № 94-чечими аркылуу бекитилген тартипке ылайык, Евразиялык экономикалык биримдигинин ишканалар тизиминдеги Кыргыз Республикасынын ишканаларынын тизимин кеңейтүү боюнча даярдыгын тастыктайт.

Транзит-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү