22
Декабрь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрлигине “Ачык асман” режимин киргизүү процессин тездетүүнү тапшырды
“Ачык асман” саясатын киргизүү азыркы учурда кагаз бетинде калып жатат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу маселени талкуулоо учурунда билдирди.
«Аба мейкиндигиндеги чектерди алып салуу дүйнөлүк авиа ташуучулар үчүн жүргүнчүлөрдү да, жүктөрдү ташууда да рейстердин санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөрдү бермек. Бул албетте, Кыргызстандын аэропортторунун, андагы иштеген адамдардын, ишканалардын кирешелеринин өсүшүнө да алып келет болчу. Мунун баары мамлекеттик бюджеттин кирешесине таасирин тийгизет. Мындан тышкары, жүк ташуу рыногу начар өнүккөн, колдо бар жүк терминалы толук кубаттуулукта пайдаланылбай жатат», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр 2006-жылдан бери Кыргызстандын авиациясы “кара тизмеде” тургандыгын эске алып, Эл аралык жарандык авиациянын (ИКАО) жүргүзгөн аудиттик жыйынтыктары боюнча өлкөнүн жарандык авиациясына 128 сын жана кемчиликтер коюлгандыгын белгиледи.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директорунун алдына Эл аралык жарандык авиациянын кийинки текшерүүлөрүнө чейин мүчүлүштүктөрдү жоюу милдети коюлду.
«Сиздер мыйзамдык базаны Кыргыз Республикасынын жаңы Аба кодексинин талаптарына дал келтирүүңөр жана Жарандык авиация чөйрөсүндөгү эл аралык талаптарды киргизүүңөр керек. Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо маселелерин чечүү зарыл. Биздин республикада чет элдик учактарды тейлей турган заманбап техникалык борбор жок. Буга байланыштуу Транспорт жана жолдор министрлиги – Экономика министрлиги менен бирге чет элдик аба учактарынын түрлөрүн тейлей ала турган авиа техникалык базаны түзүү боюнча инвесторлорго шарттарды даярдап, сунуш кылуусу зарыл. Бул кошумча жумушчу орундарын түзөт, мындан улам, бюджетке түшүүлөр да көбөйөт», - деди Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр Транспорт жана жолдор министрлигинин жана Жарандык авиация агенттигинин аткаруучулук тартибинин төмөндүгүн белгиледи. Анын айтымында, Аба кодекси быйылкы жылдын мартынан тартып күчүнө кирген. Бирок жарандык авиацияда Коопсуз учуулардын Өкмөттүк программасы бүгүнкү күнгө чейин бекитилген эмес. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн Программасын ишке ашыруунун иш-чаралар планында каралып, 2016-жылы аткарыла турган 5 иш-чаранын ичинен бирөө гана аткарылган.
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Программанын 2016-жылдагы иш-чараларынын аткарылбай калуусунун башкы себеби Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан тийиштүү координациянын жоктугу, ошондой эле жарандык авиация жаатындагы укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгууда жана кабыл алууда Агенттиктин жетекчилигинин ишке болгон кайдыгер мамилеси эсептелет.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрлиги Жарандык авиация агенттиги менен биргеликте бир айдын ичинде коопсуз учуулардын өкмөттүк программасын Өкмөттүн Аппаратына бекитүүгө киргизүүсүн тапшырды.
[su_carousel source="media: 87380,87298"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү