26
Август
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир күндүк жумушчу сапар менен Ысык-Көл облусуна жөнөп кетти
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-августта, 2016-жылдын сентябрь айында өтүүчү Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү менен таанышуу максатында бир күндүк жумушчу сапар менен Ысык-Көл облусуна жөнөп кетти.
Сапар алкагында Өкмөт башчы Тамчы айылындагы Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жол тилкесинин (47 км) курулушунун жүрүшү менен таанышат. Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Кырчын жайлоосуна барып, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагындагы иш-чараларга даярдыктын жүрүшү менен таанышат.
Андан соң Премьер-министр Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромго жана дене-тарбия саламаттыкты чыңдоо комплексине барат.
Белгилесек, ипподромдун жалпы курулуш иштери жыйынтыкталган. Учурда анын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү