26
Май
Индустриализациялоо программасынын долбоору 2016-жылдын 1-декабрына чейин Өкмөткө киргизилет
ЕАЭБге кошулуу шартында келечектүү өнөр жай тармактарын өнүктүрүүнү караган Кыргыз Республикасын Индустриализациялоо программасынын долбоору 2016-жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Өкмөтүнө киргизилүүсү тийиш.
Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Экономика министри Арзыбек Кожошевге берди.
Тапшырма «2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасы жөнүндө» 2013-жылдын 14-мартындагы Өкмөттүн токтомунун аткарылышын талкуулоо учурунда берилди.
«Программа өндүрүштү жогорулатууга жана өнөр жай продукциясын экспорттоого, атамекендик өнөр жай продукциясынын ЕАЭБ рыногундагы аттаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоого жана ИДПга карата өнөр жай продукциясынын салыштырма салмагын жогорулатууга багытталган. Бүгүнкү күндө Программага киргизилген 33 иш-чаранын 22си аткарылган, калганы аткарылган эмес, же жарым-жартылай аткарылган. Буга катар 2013–2015-жылдар үчүн Программанын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү жыйынтыктары тастыктагандай, 2013-жылы гана коюлган айрым максаттарга жетишилген. Ал эми 2014 жана 2015-жылы алдыга коюлган максаттарга жетишилген эмес», – деп маалымдады Экономика министри Арзыбек Кожошев.
Маселени талкуулоонун жыйынтыгында Экономика министрлигине 2016-жылдын 1- декабрына чейин Кыргыз Республикасын Индустриализациялоо программасынын долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүсү тапшырылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү