01
Декабрь
Бүгүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башчысы Шералы Абдылдаев “Министр байланышта” акциясына катышат
Бүгүн, 1-декабрда, “Ачык Өкмөт” программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башчысы Шералы Абдылдаев “Министр байланышта” акциясына катышат.
Эртең менен Шералы Абдылдаев КТРК «Замана» программасына катышып, андан соң «Биринчи радионун» түз обосуна катышып, радиоугуучулардын суроолоруна жооп берди.
Саат 11.00 “Кабар” Кыргыз Улуттук маалымат агенттигинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонд жетекчилигинин катышуусунда басма сөз жыйыны өтөт.
Саат 14.00 Фонд имаратында аймактардагы Фонддун жоопкер сактоочулары, ошондой эле «Эркин Тоо» жана «Кыргыз Туусу» гезитинин журналисттери менен жолугушуу өтөт.
Андан соң акция алкагында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башчысы Шералы Абдылдаев бир катар ЖМК өкүлдөрүн интервью берип, ошондой эле Кара-Балта шаарындагы “Дан” мамишканасына барат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү