12
Сентябрь
2012
Бүгүн, 12-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны болуп өттү, анда Кыргыз Републикасынын Бюджеттик кодексинин долбоору каралды.
КР финансы министри Арзыбек Кожошевдин айтымында бул документтин үстүндө иштөө эки жылга созулган. КР Бюджеттик кодексинин долбоору иштелип жатканда бөлөк өлкөлөрдүн эл аралык тажрыйбасы да изилденген - Россия, Казахстан, Грузия, Польша, Албания. Бул өлкөлөрдүн Бюджет процесси жөнүндөгү базалык мыйзамдары мыкты деп эсептелинет. Мамлекеттик бюджет, бүтүндөй мамлекеттик каржы системасы экономикага таасир тийгизүүнүн негизги шайманы болуп эсесптелерин эске алуу менен КР Өкмөтү бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүүгө көңүл буруп жатат. Азыркы мезгилде, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын негизи “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги прнциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы болуп саналат. Аталган Мыйзамга олуттуу сандагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, ушунун натыйжасында Мыйзамдын тексти олуттуу өзгөргөн 58 ден 8 берене гана өзгөртүлбөй калган. Бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор системасыз киргизилген, ушундан улам бюджеттик мыйзамдарды реформалоонун башталышы ушул күнгө чейин калтырылып келген. Ушуга байланыштуу, бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү максатында, аны дүйнөлүк стандарттарга жакындатуу жана бюджеттик процесстеги прогрессивдүү жаңылыктарга адаптациялоо үчүн КР Бюджеттик кодексинин долбоору иштелип чыкты. Бюджеттик кодекс кабыл алынгандан тартып КР төмөнкү мыйзамдары күчүн жоготот: - “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги прнциптери жөнүндө”; - «Кыргыз Республикасынын Казнасынын негизги жоболору жөнүндө»; - «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө»; - «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылоо-экономикалык негиздери жөнүндө»; Ошондой эле КР төмөнкү мыйзамдарынын нормалары такталууда: - «Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы жөнүндө»; - «Ички аудит жөнүндө»; - «Бухгалтерлик эсеп жөнүндө». Колдонуудагы мыйзамдарда республикалык бюджетке тиешеси бар мыйзамдардын, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун алдын ала Финансы министрлиги менен макулдашуунун зарылдыгы айтылса да, акыркы жылдарда чечимдерди Финансы министринин пикирин эске албастан эле кабыл алуунун практикасы орун алып келди. Ушуга байланыштуу Бюджеттик кодекстин долбооруна бюджетке жана мамлекеттик финансыларга тиешеси бар маселелер чагылдырылган ченемдик укуктук актылардын долбоолорун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен милдеттүү түрдө макулдашууну караган ченем киргизилген. Бюджеттин туруктуулугун жана алдын ала айтууга боло тургандыгын камсыз кылуу максатында тиешелүү мезгилге белгиленген бюджетке өзгөртүү киргизүүгө алып келе турган ченемдик укуктук актыларды кабыл алуунун мөөнөттөрүнө чектөөлөр киргизилди. Кодекстин долбоорунда бюджеттик процессте пайдаланыла турган: бюджет, бюджеттик каражаттар, бюджеттик мекемелер, мамлекеттик инвестициялар, бюджеттер аралык мамилелер ж.б. ушул сыяктуу негизги түшүнүктөрдүн тизмеси берилген жана тиешелүү түшүнүктөр жана терминдер такталган. Так, мыйзам тарабынан белгиленген аныктамаларды киргизүү бюджетти калыптандыруу жана аткаруу процессинде келип чыккан карама-каршылыктарды жана ар кандай түшүнүктөрдү четтетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мыйзам долбооруна КР бюджеттик системасы негизделе турган негизги принциптер киргизилген. Алар: бирдиктүүлүк, толуктук, айкындык, транспаренттүүлүк/маалымдуулук, ырааттуулук, өз алдынчалуулук, шайкештүүлүк жана натыйжалуулук принциптери. Жогоруда аталган принциптерди ырааттуу жана толук ишке ашыруу бюджеттик саясатты иштеп чыгууга карата кыйла кылдат жана таразаланган мамиле жасоого, тиешелүү бюджеттик процесстерге кыйла так жана укуктук ой жүгүртүүгө, өлкөнүн бюджеттик системасынын ар кандай деңгээлдеринде бюджеттик каражаттарды калыптандыруунун жана чыгымдоонун бюджеттик механизмин кыйла негиздүү өзгөртүүгө алып келет. Бюджеттик кодекстин долбоорунда бюджеттик процесске катышуучулардын тизмеси жана алардын компетенциясы аныкталган. Бюджеттик процесстеги ыйгарым укуктарды сунуш кылынып жаткан бөлүштүрүү өкүлчүлүктүү органдар менен аткаруу бийлигинин органдарынын ортосундагы компетенцияларды чектөө принцибине негизделген, мунун өзү алардын ар биринин бюджеттик процесстеги жоопкерчилик даражасын тактоого мүмкүнчүлүк берет. Ушул принципке ылайык бюджеттерди түзүү жана аткаруу аткаруу бийлигинин органдарынын функцияларына, ал эми бюджеттерди кароо, бекитүү жана аткарылышына контролдук жүргүзүү өкүлчүлүктүү бийлик органдарынын функцияларына таандык кылынат. Аталган ченемди киргизүүдөгү маанилүү учур мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарды же экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүүнүн программасын (планын) иштеп чыгуу жана аткаруу үчүн жоопкерчилигин мыйзам тарабынан бекитип берүү болуп саналат, мунун өзү башкаруунун ар бир деңгээлинде чечимдерди кабыл алуунун ырааттуулугуна жана тиешелүү түрдө арымдуу экономикалык өнүгүүгө жетишүүгө кызмат кылат. Бюджеттик кодекстин долоорунда бюджеттик классификацияга так баяндама берилет, КР бюджеттик классификациясынын курамы такталат. Атап айтканда, бюджеттик классификация кирешелердин классификациясын, чыгашалардын экономикалык классификациясын, активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясын, ведомстволук классификацияны жана чыгашалардын программалык классификациясын камтып турары аныкталган. Ошондой эле КР бюджеттик системасынын бюджеттеринин түрлөрү боюнча: биригип келип, мамлекеттик бюджетти түзө турган республикалык бюджет жана жергиликтүү бюджеттер боюнча түшүнүктөр берилген. Андан тышкары мыйзам долбоорунда өзгөчө мамлекеттик бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фонддорду калыптандыруунун жана аткаруунун түшүнүктөрү жана ченемдери такталган. Талкулоонун жыйынтыгында Кыргыз Републикасынын Бюджеттик кодексинин долбоору жактырылды, кээ бир редакциялык түзөтүүлөрдөн кийин долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилет. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү