21
Ноябрь
Т.Сарпашев: Жалал-Абад облусу үчүн биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча 50 комплект жабдуу кошумча түрдө бөлүнөт
Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунун акимдеринин жана айыл округ жетекчилери жана Жалал-Абад шаарынын башчысы менен жолугушту.
Т.Сарпашев белгилегендей, Жалал-Абад облусунун дээрлик бардык райондору биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн зарыл болгон кошумча комплекттерди бөлүү тууралуу кайрылышкан.
Биринчи вице-премьер-министр билдиргендей, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жабдууларды аймактар боюнча туура эмес бөлүштүргөн.
«Мисалга, Ат-Башы районунда 16 жаштан жогорку жалпы калктын саны 25 миңге жетпеген жерге 20 ашуун жабдуу бөлүнгөн. Ошол эле учурда калкы 25 миңден ашуун айыл округдарына болгону 2ден комплект жабдуу берилген», — деген Т.Сарпашев 7 күн ичинде Жалал-Абад облусунун бардык райондору кошумча жабдууларды алаарын билдирди.
Ошондой эле Т.Сарпашев Ноокен, Базар-Коргон айылдарында жана Жалал-Абад шаарындагы Тейлөө борборлорундагы биометрикалык маалыматты чогултуунун жүрүшү менен таанышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү