19

Август

2015

Темир Сариев адам өмүрүн сактайм деп каза тапкан Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө мамлекеттик көмөк көрсөтүлүүсүн тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго Ысык-Көлдө 14 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген кызды сактайм деп каза болгон Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө мамлекеттик жардам көрсөтүү маселесин тапшырды. Премьер-министр каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, Памир Исмаевдин аракети жоопкерчиликтүү жарандын үлгүсү экенин билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 17-августта Ысык-Көлдүн жээгинде 14 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген кыз сууга чөгүп жатканын көрүп 29 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Памир Исмаев жардам берүүгө шашылган. Тилекке каршы, кыз куткарылган соң ал өзү каза болгон.

Премьер-министр Темир Сариев мындай окуялар жарандарды жоопкерчиликтүү болууга жана жардамга муктаж жактарга көмөк көрсөтүү үчүн үлгү болушу керектигин билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министри бул сыяктуу окуяларды тактап, мамлекеттик жардам көрсөтүү жагын эске алуусун тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү