22

Август

2020

Өкмөттүн 2020-жылга карата Социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча иш-аракет планы бекитилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылга карата Социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча иш-аракет планы бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон.

Аталган план социалдык туруктуулукту жана жарандардын ишкердик активдүүлүгүн колдоого, калктын ден соолугун жана өмүрүн сактоо үчүн тумоо менен күрөшүүгө багытталган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын аягына чейинки так иш чараларын жана аракеттерин камтыйт.

Планды аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин негизги артыкчылыктары болуп каатчылыктын шартында көбүрөөк жапа чеккен калкты социалдык-экономикалык жактан жана ишкердик чөйрөнү колдоо, анын ичинде жумушчу орундарын сактоо жана калк үчүн социалдык кепилдиктерди жогорулатуу болуп эсептелет.

План социалдык туруктуулукту, экономикалык туруктуулукту камсыз кылууга, калктын кирешелерин сактоого багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын аягына чейинки иш-аракеттерин жана төмөнкү негизги багыттарды өзүнө камтыйт:

1. Жарандардын ден соолугун коргоо. План саламаттыкты сактоо тутумун зарыл болгон медициналык кызматкерлердин саны менен толуктоо жана даярдоо, ошондой эле медициналык жардамды көрсөтүү көндүмдөрүн алууга жеткиликтүүлүктү камсыздоо, 14 жугуштуу оорулар ооруканасын кайра өзгөртүү жана жабдуу, ишке киргизүү, пандемия кырдаалы курчуп кеткен учурга карата 2 мобилдүү оорукана алып келүү, кошумча тез жардам унааларын сатып алуу, өлкөнүн бардык аймагы боюнча медициналык буюмдар жана дары-дармек каражаттары менен камсыздоо каралган.

2. Калктын социалдык аярлуу катмарын колдоо жана пенсионерлерге социалдык кепилдиктерди жогорулатуу.

3. Билим берүү чөйрөсүндө аралыктан окутуу түрүнө өтүү, өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын логикалык уландысы болуп калмакчы. Планда каралган иш-чаралар, ошондой эле авариялык абалда турган мектептерди капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча иштерди аяктоо, аралыктан окутуу үчүн видеоконтентти жана санарип окуу куралдарын түзүүгө тийиштүү болот. 

4. Экономиканын туруктуулугун камсыздоо. Негизги бирден-бир багыттардын бири болуп, бизнести колдоо боюнча институттардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, коммерциялык банктардагы кредиттер боюнча ишкерлердин милдеттенмелерин жылдыруу, ишкердик субъекттерге жеңилдетилген кредиттерди берүүгө мамлекет тарабынан каржылык колдоону камсыз кылуу, салыктык жана бажылык башкаруу механизмдерин өркүндөтүү, бизнес-чөйрөгө жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу өлкөнүн каржы тутумунун туруктуулугун камсыздоо жана ишкердик чөйрөнү колдоо маселелери болот.

Буга катар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылга карата Социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча иш-аракет планын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилиги каралган.


2020-жылга социалдык стабилдүүлүктү, экономиканын туруктуулугун камсыздоо жана калктын кирешелерин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планы 


Милдеттер 

Чаралар 

Индикатор/ күтүүчү жыйынтык

Жооптуулар 

Аткаруу мөөнөтү

Каржылоо 

булагы 

1. Ден соолукту коргоо


COVID-19дун жайылуу коркунучунун шарттарында бардык региондордо жана шаарларда ден соолуктун коопсуздугун профилактикалоо жөнүндө калктын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу 

Үй-бүлөлөрдө, мектептерде, коомдук жайларда вирустук эпидемия коркунучунун шарттарында региондордо, Бишкек жана Ош шаарларында ден соолуктун коопсуздугун профилактикалоо жөнүндө калктын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин базасында билим берүү аянтчаларын түзүү

Бардык региондордо өткөрүлгөн маалыматтык-билим берүү иш-чараларынын саны 

ССМ, БИМ,

ММТМ

Дайыма,

2020-жылдын ичинде

Республикалык бюджеттин чегинде



3 айга калкты вирустук инфекциядан коргоо үчүн жетиштүү көлөмдө медициналык коргоо каражаттарынын запастарын түзүү 

3 айга калкты вирустук инфекциядан коргоо үчүн жетиштүү көлөмдө резервди түзүү үчүн дары-дармек препараттарын жана медициналык каражаттарды мамлекеттик сатып алууну жүргүзүү 


Дары-дармек препараттарынын жана медициналык коргоо каражаттарынын 

3 айдан кем эмес көлөмдөгү запастары

ССМ, ММКФ, ФМ

2020-жылдын
 30-октябры

Республикалык бюджеттин чегинде, донордук каражаттар


Медицина кадрларынын квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдар шарттарында жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын натыйжалуу иштөө механизмин түзүү


Жаңы шарттарда калк менен иштөө үчүн медицина кадрларын окутуунун жана кайра окутуунун үзгүлтүксүз иштеген системасын иштеп чыгуу жана киргизүү

Окутулган жана кайра окутулган медицина кадрларынын санынын өсүшү 

ССМ

2020-жылдын
 1-ноябры

Республикалык бюджеттин алкагында 


Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин  шашылыш медициналык кызматынын системасын Катастрофа медицинасы кызматын түзүү жолу менен жакшыртуу

Катастрофа медицинасы кызматы түзүлдү

ССМ, ӨКМ, БИМ, Коргоо комитети

2020-жылдын
 1-декабры

Республикалык бюджеттин алкагында 



Ар бир региондо COVID-19 коронавирус пандемиясы менен күрөшүү үчүн ооруканаларды куруу, жабдуу жана профилин өзгөртүү

Бишкек,     Ош жана Нарын шаарларында 3 жаңы оорукананын  курулушун камсыздоо

14 инфекциялык оорукана курулду жана реконструкцияланды 

Курулуш агенттиги, ССМ, КРӨ облустардагы өкүлдөрү (макулдашуу боюнча)

2020-жылдын
 25-августу

«Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» коомдук фондунун каражаттары, республикалык бюджеттин каражаттары, донордук каражаттар

Ар бир региондо иштеп жаткан 9 оорукананы инфекциялык ооруканага реконструкциялоо жана профилин өзгөртүү

2020-жылдын

1-октябры

Төмөнкү 2 оорукананын курулушун аяктоо: Жалал-Абад шаарындагы облустук оорукана; Ош облусунун Кара-Суу районундагы Чайчы айылындагы оорукана

2020-жылдын

1-ноябры


Оорунун очогу чыккан  зоналарда андан ары колдонуу үчүн талаа/мобилдик госпиталдардын кубаттуулугун жогорулатуу 

Жаңы 2 мобилдик госпиталды алууну камсыздоо

Мобилдик госпиталдарда 200дөн ашуун койка орундарды ачуу

ЭМ, ӨКМ

2020-жылдын
 20-декабры

Донордук каражаттар


Шашылыш медициналык жардам кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу


Жалпы суммасы 145 млн сомго медициналык тез жардам автомобилдерин алууга контракт түзүү 

Республиканын региондоруна медициналык тез жардам автомобилдери жеткирилди

ССМ, ММКФ, ФМ

2020-жылдын
 1-ноябры

“Коопсуз шаар” долбоорунун каражаттары 


Медициналык билими бар жарандарды ишке тартуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу 


Жашаган жерин аныктоо менен резервисттер катары  бүтүрүүчү-ординаторлордун реестрин түзүү 

Бүтүрүүчү-ординаторлордун реестри түзүлдү 

ССМ, МКК

2020-жылдын
 25-августу

Республикалык бюджеттин чегинде

Кенже медициналык персоналдын адистерин кайра даярдоо үчүн кыска мөөнөттүү курстарды баштоо 

Кайра даярдоодон өткөн кенже медициналык персонал адистердин саны 

ССМ

2020-жылдын
 25-августу

Республикалык бюджеттин чегинде 


Көчмө (мобилдик) госпиталдарды ыкчам ачуунун алгоритмин иштеп чыгуу жана бекитүү 

Көчмө госпиталдарды ыкчам ачуунун алгоритми бекитилди 

ӨКМ,     Коргоо комитети, ССМ

2020-жылдын
 25-августу

Республикалык бюджеттин чегинде 

(COVID-19) коронавирустук пандемия менен күрөшүү максатында медициналык адистиги менен запастагы офицерлерди жана аскерге милдеттүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин мекемелери тарабынан жүргүзүлүүчү ишке тартуу 

Медициналык мекемелерде иштөө үчүн кошумча резервдер тартылды

Коргоо комитети

2020-жылдын
 25-августу

Республикалык бюджеттин чегинде 



COVID-19 коронавирустук пандемия  менен күрөшүү үчүн медициналык буюмдардын, жабдуулардын жана  дары каражаттарынын республикада өндүрүлүшүн камсыз кылуу

Медициналык маскаларды, ӨЖД аппараттарын, кычкылтек концентраторлорун өндүрүүнү баштоо 

Суюк кычкылтекти өндүрүү жөнгө салынды (республиканын түштүгүндө жана түндүгүндө 1ден ишкана) 


ӨЭЖМК, ССМ, Инвестиция агенттиги, ММБФ, макулдашуу боюнча: ЖӨБО, РКӨФ,  «Дастан» ТНК ААК, БШЗ МИ 

2020-жылдын 20-декабры

Тартылган каражаттар

Дары каражаттарын жана медициналык жабдууларды өндүрүү үчүн болгон кубаттуулуктарды кеңейтүү жана куруу боюнча ишти баштоо  

Дары каражаттарын жана медициналык жабдуулардын жеке өндүрүлүшүнүн  өсүшү 

ӨЭЖКМ, ССМ, , ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

2020-жылдын
 20-декабры

Тартылган каражаттар


Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы жана Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча орду толтурулуучу жеңилдетилген дары каражаттарына электрондук рецептти киргизүү 

Электрондук жеңилдетилген рецепттерди этабы менен ишке киргизүүнүн планын иштеп чыгуу жана бекитүү   


Электрондук жеңилдетилген рецепттер Бишкек шаарында киргизилди

ММКФ

2020-жылдын
 20-декабры

Республикалык бюджеттин чегинде 


Электрондук жеңилдетилген рецепттерди ишке киргизүү планын жүзөгө ашыруу 

ММКФ

2020-жылдын
 20-декабры

Республикалык бюджеттин чегинде



COVID-19 жана КДВИнин жайылуу коркунучунун алдын алуу боюнча профилактикалык жана практикалык иш-чараларды күчөтүү 

Калк арасында  гриппке каршы эмдөө жүргүзүү (тобокел топтору, медициналык кызматкерлер)

800 миңден кем эмес адамга гриппке каршы эмдөө жасалды

ССМ

2020-жылдын
 1-ноябры

Республикалык бюджеттин чегинде 


Калкты ыкчам маалымдоо максатында дары менен камсыздоого, медициналык жабдууларга, койка фондуна болгон керектөөлөрдү эсепке алуу боюнча маалыматтык системаны киргизүү

Маалыматтык системага кирүү мүмкүндүгү камсыздалды

МТБМК, ССМ, ММКФ

2020-жылдын
 20-декабры

Республикалык бюджеттин чегинде 



Биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүү (БМСЖ) пилоттук мекемелерде пациенттин электрондук медициналык картасын ишке киргизүү


БМСЖ деңгээлинде электрондук медициналык картаны иштеп чыгуу 

Электрондук карталар иштелип чыкты

ССМ


2020-жылдын
 20-декабры

Республикалык бюджеттин чегинде


Пилоттук мекемелерди тандап алуу жана бардык медициналык мекемелерде аларды жайылтуу үчүн сунуштар менен электрондук медициналык карталарды ишке киргизүү

Республиканын пилоттук райондорунда жана шаарларында электрондук медициналык карталар киргизилди


Калктын фармацевттик продукцияларга баа жагынан жеткиликтүү болушун жакшыртуу

Дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга карата бааларды жөнгө салууну киргизүү

Фармацевттик продукциялардын рыногун жөнгө салуу үчүн шарттар түзүлдү 

ССМ, Монополия-га каршы агенттик

2020-жылдын
 20 -декабры

Республикалык бюджеттин алкагында 


2. Калктын социалдык жактан аялуу катмарын колдоо


Жумушсуздарга, анын ичинде COVID-19 коронавирустук инфекциянын кесепетинен улам аргасыздан жумушсуз калгандарга убактылуу көмөк көрсөтүү

Жумушсуз жарандарды колдоо чараларын кеңейтүү жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды төлөө тартибин жеңилдетүү 

Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алган жумушсуз жарандардын саны (адам)

ЭСӨМ, ФМ,

 ДБнын долбоору (макулдашуу боюнча)

2020-2021- жылдары

Донордук каражаттар


Ай сайын жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) убактылуу финансылык колдоо көрсөтүү

16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө убактылуу кошумча төлөмдөрдү белгилөө

«Үй-бүлөгө көмөк» убактылуу ай сайын акчалай төлөмдөрдү алуучулардын саны/төлөмдүн көлөмү (млн сом/миң адам)

ЭСӨМ, ФМ,

ДБнын долбоору (макулдашуу боюнча)

2020-2021 жылдары

Донордук каражаттар


Каатчылык шарттарда өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылууну өнүктүрүү үчүн жарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо чараларынын алкагын кеңейтүү


Бизнести өнүктүрүү жана көмөкчү чарбаны уюштуруу үчүн социалдык келишимдин негизинде жылдын жыйынтыгы боюнча кайтарып берүү менен жарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайтарымдуу негизде 100 миң сомго чейинки өлчөмдө бир жолку социалдык жардам көрсөтүү

1. Берилген жардамдардын көлөмү – млн сом.

2. 100 миң сомго чейинки бир жолку социалдык жардам алгандардын саны – миң адам.

ЭСӨМ, ФМ,

макулдашуу боюнча:

ДБ, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоорлору


2020-2021 жылдары

Донордук каражаттар 


Пенсионерлердин жашоо деңгээлин жогорулатуу

Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгүнө индексациялоо жүргүзүү

Пенсиянын өлчөмү жогорулады

СФ

2020-жылдын
 20-октябры

Социалдык фонддун каражаттары

3. Билим берүү чөйрөсү


Күндүзгү окуу форматында мектептерди окуу процессинин башталышына даярдоо

Капиталдык салымдар боюнча авариялык мектептерди капиталдык оңдоо иштерин бүтүрүүнү камсыз кылуу

Кыргыз Республикасында авариялык мектептердин санын азайтуу

Курулуш агенттиги, БИМ, ФМ

2020-жылдын
 20-декабры

Бюджеттик каражаттар













Дистанттык режимдеги окутууну зарыл болгон санариптик окуу материалдары менен камсыз кылуу 


Дистанттык окутуу үчүн зарыл болгон санариптик окуу материалдарын жана видеоконтентти иштеп чыгуу


Дистанттык окутуу процесси жеткиликтүү окуу материалдары менен камсыздалды

БИМ

2020-жылдын

1-сентябры

Республикалык бюджеттин чегинде

Дистанттык окутуу процессинде колдонуу үчүн мектеп китептерин санариптештирүү жана аларды 

kitep.edu.gov.kg платформасына жайгаштыруу

Китептердин электрондук версиялары kitep.edu.gov.kg платформасына киргизилди

БИМ

2020-жылдын

1-сентябры

Өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары

Мектеп окуучуларын онлайн тестирлөө үчүн платформа түзүү

Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин онлайн тестирлөө форматында баалоо мүмкүндүгү түзүлүдү

БИМ

2020-жылдын

20-декабры

Республикалык бюджеттин чегинде 



Билим берүү системасына санариптик технологияларды киргизүүнү тездетүү

10 мектептин базасында “Келечектин мектеби” пилоттук долбоорун киргизүү 



10 мектепке программалык камсыздоо киргизилди, окуу процесси, контролдоо системасы жана жеткиликтүүлүктү башкаруу автоматташтырылды

БИМ

2020-жылдын
 20-декабры

БИМ жана “Альфателеком” ЖАК компаниясынын ортосундагы меморандумдун алкагында

4. Экономиканын туруктуулугун камсыздоо


Экспорттоочуларды колдоо үчүн финансылык механизмдерди киргизүү

Факторинг, консультациялык коштоо ж. б. механизмдерди киргизүү үчүн мамлекеттик үлүшү менен коммерциялык банкты экспорттук-импорттук банк кылып кайра түзүү


«РСК-Банк» ААК экспорттук-импорттук банк болуп кайра түзүлдү

Маммүлкфонду, ФМ, ЭМ, АЧТММ, Улуттук банк

(макулдашуу боюнча)

2020-жылдын
 30-декабры


Республикалык бюджеттин чегинде, техникалык жардам

Коммерциялык банктар тарабынан факторингдик каржылоо механизмдерин ишке киргизүү

Экспорт жана ички соодага факторинг механизми менен түзүлгөн контракттардын саны жогорулады


ЭМ, Инвестиция

агенттиги, макулдашуу боюнча:
 Улуттук банк (макулдашуу боюнча), «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК, РКӨФ, коммерциялык банктар

2020-жылдын
 1-декабры


Коммерциялык банктардын каражаттары

Экспортту өнүктүрүүгө багытталган жеңилдетилген кредиттик каражаттарды алуу үчүн “Ишкердик субьекттерди каржылоо” программасынын критерийлерин кайра карап чыгуу


Экспорттук продукциялардын артыкчылыктуу түрлөрү аныкталды жана жеңилдетилген кредиттерди алуу критерийлери иштелип чыкты

АЧТММ, ФМ, Улуттук банк (макулдашуу боюнча)

2020-жылдын
 25-декабры

Республикалык бюджеттин чегинде



Тышкы карыздардын деңгээлин кыскартуу 

Тышкы карыздарды социалдык, экологиялык жана жашыл программаларга алмашуу боюнча негизги кредиторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү 

Макулдашууларга  кол коюлду

ФМ, ТИМ, Улуттук банк (макулдашуу боюнча), ЭМ

2020-жылдын
 20-декабры


Республикалык бюджеттин чегинде


Экономика секторлорун каатчылык мезгилде колдоо үчүн финансылык механизмди түзүү

Антикризистик (турукташтыруу) фондду түзүү үчүн мыйзамдык негизди киргизүү

Антикризистик фондду түзүү боюнча ЧУА кабыл алынды

ФМ, ЭМ

2020-жылдын

1-ноябры

Республикалык бюджеттин чегинде


Гранттык жана кредиттик жардамды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу 

Жарандык сектордун өкүлдөрү жана активисттерден турган гранттык жана кредиттик жардамга мониторинг жүргүзүүчү көз карандысыз коомдук комитетти түзүү

Гранттык жана кредиттик жардамды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугу

ФМ

2020-жылдын

25-августу

Республикалык бюджеттин чегинде


Тез курулуучу ооруканаларды жана турак жайларды куруу үчүн шарттарды түзүү 

Социалдык объекттерди жана турак жайларды куруу үчүн КЧжЭлерди кайра карап чыгуу иштерин баштоо 

Тез курулуучу саламаттык сактоо объекттерин жана турак жайларды куруу боюнча жаңы ченемдерди бекитүү

Курулуш агенттиги

2020-жылдын

1-декабры

Республикалык бюджеттин чегинде


 Ички жана чет мамлекеттик сатып алууларга ата мекендик тигүү ишканаларынын катышуусунун үлүшүн көбөйтүү

Тигүү ишканаларын мамлекеттик органдар түздөн-түз сатып алган ишканалардын тизмесине киргизүү

Ченемдик укуктук акты кабыл алынды

ЭМ, ФМ,   ЖАМК, ССМ, БИМ, ӨЭЖМК,  Маммүлкфонду,  КР Өкмөтүнүн облустардагы өкүлчүлүктөрү, СӨП
 (макулдашуу боюнча)

2020-жылдын
 1-декабры


Республикалык бюджеттин чегинде



Ата мекендик продукциянын экспортун көбөйтүү

Тышкы рыноктордогу мамлекеттик сатып алуулардын катышуучуларына маалыматтык колдоо көрсөтүү

Тышкы рынокторго мамлекеттик сатып алууларга катышуу боюнча колдонмо

ТИМ, Инвестиция агенттиги, ЭМ, АЧТММ, ӨЭЖМК

2020-жылдын
 1-декабры


Республикалык бюджеттин чегинде



 Кыргыз Республикасында болуунун коопсуз шарттарын түзүү

  Кыргыз Республикасында, башка жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө бардык чет өлкөлүк жарандар (келүүчү жана кетүүчү) үчүн COVID-19  коронавирусу толук турукташканга жана жоюлганга чейин Кыргыз Республикасынын көзөмөл өткөрүү пункттарында коопсуз коридорлорду түзүү

 Чет өлкөлүк жарандардын арасында Кыргыз Республикасынын туристтик брендин коопсуз алып баруу жана алга илгерилетүү

ССМ,     ИИМ,  “МЭА” ААКы (макулдашуу боюнча),

 МЧК


2020-жылдын
 25-августу

Республикалык бюджеттин алкагында


Туристтик ишмердик субъекилеринин коопсуз ишин уюштуруу

Тиешелүү мамлекеттик органдар жана туристтик ишмердик субъектилери менен бирдикте  санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун ченемдерин камсыздоо боюнча тиешелүү талаптарды жана аракеттер алгоритмин иштеп чыгуу жана бекитүү

 Туристтик сектордун ишканаларынын иши үчүн шарттар түзүлдү

ССМ,  ММТМ 

2020-жылдын
 30-августу

Республикалык бюджеттин алкагында


Натыйжасыздык критерийлери боюнча мамлекеттик компанияларды кыскартуу 

Бюджеттик каржылоого жараша (акыркы эки жылдык ишмердиги боюнча) же/жана натыйжалуулук критерийлери боюнча мамлекеттик компаниялардын ишине анализ жүргүзүү

Натыйжасыз мамлекеттик компаниялардын санын кыскартуу

ММБФ, ЭМ, МКЖМА, ФМ, Мамфинкөзөмөл

2020-жылдын

20-декабры

Республикалык бюджеттин алкагында

4.1. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү

4.1.1 Жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүү


Реалдуу өндүрүш ишканаларын модернизациялоого жана техникалык кайра жабдууга багытталган каржылоо булактарын кеңейтүү 


Мамлекеттик лизинг компаниясын түзүү 


Мамлекеттик лизинг компаниясын түзүү боюнча чечим кабыл алуу


ЭМ, ФМ, ММБФ, макулдашуу боюнча:

“Айыл банк” ААКы, ОКӨФ

2020-жылдын
 10-декабры

Республикалык бюджеттин алкагында,

коммерциялык банктардын каражаттары

Капиталдаштыруу үчүн жер казынасын пайдалануучунун рекультивация фондунун атайын эсебинде топтолгон каражатты колдонуу үчүн тиешелүү чечимди кабыл алуу

Капиталдаштырууга 270 млн сом тартылды

ӨЭЖМК

2020-жылдын
 10-декабры

Республикалык бюджеттин алкагында


Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жана экспорттук дараметин жакшыртуу үчүн логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу 

Логистиканын, LPI (Logistics Performance Index) натыйжалуулугун баалоонун көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана киргизүү 

LPI логистиканын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү киргизилди 

ИИКА,  ЭМ, ТЖМ, МБК

2020-жылдын

10-декабры

Республикалык бюджеттин алкагында


Коммерциялык банктарга негизги карыздар боюнча төлөмдөрдү 6 айга узартуу же реструктуризациялоо, кредиттин жалпы мөөнөтүн жогорулатуу менен (зайымчынын каалоосу боюнча)  сунуштоо

Коммерциялык банктарга негизги карыздар боюнча төлөмдөрдү 6 айга узартуу сунушун берүү


Ишкердик субъектери жана калк үчүн керектөө жана ипотекалык насыялар жаатында колдоо көрсөтүлдү

Улуттук банк (макулдашуу боюнча)

2020- жылдын

1-сентябры

Коммерциялык банктардын каражаттары


2020-жылга учурдагы инвестициялык долбоорлорду киргизүү жана аракеттеги инвесторлорду колдоо

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча ишке киргизүү максатында инвестициялык долбоорлордун тизмегин бекитүү 

5тен кем эмес инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү 

ИИКА, ЭМ

2020- жылдын

25-августу

Республикалык бюджеттин алкагында


Бишкек жана Ош шаарларында ишкерлерди тейлөө борборлорун (ИТБ) ачуу

Биринчи этапта     ИТБ концепциясына жооп бере турган жай же   куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү


ИТБ ишмердиги үчүн жай же куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилди


Макулдашуу боюнча:

Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ММБФ

2020-жылдын

1-ноябры

Республикалык бюджеттин алкагында


Чет элдик инвесторлордун (компаниялардын уюштуруучуларына жана жетекчилерине) Кыргыз Республикасынын аймагына келишине уруксат берүү 

Инвесторлорго КРнын аймагына кирүүгө уруксат берүү үчүн тийиштүү чечим кабыл алуу

КРнын аймагына кирүүгө инвесторлорго уруксат берилди 

ТИМ 

2020- жылдын

25-августу

Республикалык бюджеттин алкагында


Банк кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана сапатын арттыруу үчүн сервистерди өнүктүрүү 


 Мобилдик түзүлүштөрдү колдонуу менен төлөм операцияларын аткарууну камсыздаган сервистерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү анын ичинде байланышсыз технологияларды жана QR-коддорду колдонуу менен


Төлөмдөрдү аралыктан жүргүзүүнү  көбөйтүү

 Макулдашуу боюнча:

Улуттук банк,  коммерциялык банктар         

2021-жылдын

1-марты

Республикалык бюджеттин алкагында


Электрондук коммерцияны кеңири жайылтуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү



Электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук актылардын топтомун иштеп чыгуу 

Электрондук чөйрөсүн иш жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын топтому иштелип чыкты жана бекитилди 





ЭМ, ИИКБА, МТБМК, ТИМ, ТЖМ, МСК, МБК, Улуттук банк (макулдашуу боюнча), уюлдук байланыш операторлору (макулдашуу боюнча), “Кыргыз почтасы” МИси, “Бишкек” ЭЭА

2020-жылдын
 20-декабры

Республикалык бюджеттин алкагында


Электрондук түрдө камсыздандыруу полисин жана бириктирилген патенттин формасын киргизүү 

Электронудк портал аркылуу камсыздандыруу полисин жана патентти алуунун маалыматтык тутумун түзүү 

Камсыздандыруу полисин жана бириктирилген патенттин формасын алуу боюнча электрондук сервистин маалымат тутумунун ишин ишке киргизүү 

МСК

2020- жылдын
 1-декабры

Республикалык бюджеттин алкагында


Кичи ишкердиктин субъекттери үчүн ишмердикти жүргүзүүнү жөнөкөйлөштүрүү жана  бирдиктүү салык декларациясынын формаларын оптималдаштыруу 

2021-жылдын 1-январынан тартып чекене сатыктан салыктын негизинде салык алымдарынын жөнөкөйлөштүрүлгөн тутумун колдонгон кичи ишкер субъекттери үчүн салык отчеттуулуктарын жокко чыгаруу 

Жеке ишкерлер үчүн ишмердик жүргүзүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тутуму иштелип чыкты 

ЭМ, МСК 

2020- жылдын

1-декабры

Республикалык бюджеттин алкагында

бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аны толтурууну жөнөкөйлөштүрүү 

бирдиктүү салык декларациясынын формалары жөнөкөйлөштүрүлдү 


Тийиштүү органдар тарабынан киргизилген чектөөл