02
Февраль
2015
Аткаруу бийлик орган жетекчилеринин ишмердүүлүгүн жекече баалоо ыкмасы бекитилди
Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон.
Токтомго ылайык министрлердин, ведомство жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана район акимдеринин ишмердүүлүгүн жекече баалоо ыкмасы бекитилди.
Жаңы ыкма мамлекеттик аткаруу бийлик орган жетекчилеринин ишинин процессин эмес, жыйынтыгын баалоону жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле баалоо ыкмасы аткаруу бийлик орган жетекчилеринин ишин баалоону салыштырууга мүмкүндүк берип, ал эми баалоо жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кадрдык саясатына түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн негиз катары пайдаланылат.
Баалоо көрсөткүчтөр жана индикаторлор тутумунун негизинде жүргүзүлөт, анда жетекчинин жеке “иш-аракет планынын” аткарылыш даражасы, жетектеген мамлекеттик органды баалоонун интегралдык көрсөткүчү, өкмөттүк чечимдердин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышы, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу, коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү, ошондой эле коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү деңгээли эске алынат.
Токтомдун толук тексти төмөндө
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү