18
Сентябрь
2014
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Ачык Өкмөт” саясаты алкагында “Министр байланышта” акциясы улантыла тургандыгын жарыялайт
Акцияга ылайык, жумасына эки ирет, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү тийиштүү министрлик жана ведомство жетекчилери ЖМК ар-кыл каналдары аркылуу 2014-жылга карата Иш-аракет жана милдеттенмелер планынын аткарылышы боюнча түшүндүрүү компаниясын жүргүзүшөт. “Министр байланышта” акциясынын жүрүшүндө министрлик жана ведомство жетекчилери баардык келип түшкөн, анын ичинде аймактардан келген суроолорго жооп кайтарышат.
Акциянын экинчи баскычы 22-сентябрда башталат. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында акцияга - Коргоо министрлиги, 25-сентябрда – Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, 29-сентябрда Юстиция министрлиги катышмакчы.
КР Өкмөтү жарандык коомчулук жана ЖМК өкүлдөрүн баарлашууга активдүү катышууга чакырат.
Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар 960-149
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү