02

Февраль

2012

Бүгүн, 1-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Германиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Гудрун Срэга айым менен жолугушту. Вице-премьер-министр Кыргызстандын тышкы саясатында Германия Федеративдик Республикасы Европадагы эң маанилүү өнөктөштөрдүн бири экендигин айтты. Ж.Оторбаев дипломатка Өкмөттүн “100 күндүк” жана ушул жылдагы пландары тууралуу айтып берди. Жолугущуу учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коррупцияга каршы күрөшүүсү, мамлекеттик органдарды оптималдаштыруу жана реформалоо, анын ичинде укук коргоо органдарынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды. Ж.Оторбаев коррупциянын таасирин азайтууда жана ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында конкреттүү механизмдер иштелип чыккандыгын айтты. Ж.Оторбаев европалык өнөктөштөрдүн Кыргызстандын экономикалык жана саясий жактан колдоо көрсөтөөрүнө жана пайдалуу консультацияларды, кеңештерди берерине ишеними бар экендигин билдирип, Кыргызстан германиялык инвесторлорго ачык экендигин баса белгиледи. “Азыркы мезгилде Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды жумшоого жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгына оптимистик көз караш менен карайм. Биз силердин инвесторлоруңар менен иш алып барууга даярбыз”- деди ал. Ошондой эле вице-премьер-министр эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн дипломатиялык алакаларга 2012-жылдын 3-февралында 20-жыл толгондугун айтып, бул убакыт ичинде эки мамлекеттин кызматташтыгы бир калыптуу багытта өнүгүп келе жаткандыгын айтты. Элчи айым Германия Кыргызстан менен соода-экономикалык, саясий жана социалдык-маданий тармактарды мындан да тыгыз өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирди.  Элчи дагы дипломатиялык алакаларга 20 жыл толгондугун өзгөчө белгилеп, бул аралыкта бир катар долбоорлор иш жүзүнө ашырылып, Кыргызстанга инвестициялар тартылгандыгын айтып өттү. Мындан сырткары, дипломат немис инвесторлорунун Кыргызстандын агрардык тармагына, аз кубаттагы ГЭСтерди курууга кызыктар экендигин маалымдады.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү