21

Сентябрь

2012

Бүгүн, 21-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Камила Талиева Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн салтанатка катышты. Иш чара Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Өз сөзүндө вице-премьер-министр жалаң гана мыйзамга, буйрукка, админстративдик күчкө таянуу менен мамлекттик тилди өнүктүрүү кыйын экенин белгилеп кетти. “Акыркы жыйырма жылдагы тажрыйбабыз көрсөтүп турат. Биз өз каалоосу менен, ниетин таштап үйрөнүүгө өбөлгө түзө алсак гана, дилден тилге өтө алабыз»,  - деди К.Талиева. Тилди үйрөтүү бала бакчадан башталышы керектигин айтып, буга жетиштүү көлөмдө балдар көркөм адабиятын, кызыктуу колдонмолорду чыгарышыбыз керек экенин баса белгилеп кетти. Вице-премьер-министр Улуттук тил комиссиясын, тил-мугалимдерин жана балдар жазуучуларынан бул багытта ишти өз колдоруна алууну өтүнүп кетти. К.Талиева кыргыз тилдүү интернет-ресурстарды өнүктүрүү маселесине токтолуп, бул багытта иш жүрүп жаткандыгын айтып, бирок жетиштүү деңгээлге болбой жаткандыгына көңүл бурду. Ошондой эле бүгүнкү күнү расмий тилден мамлекеттик тилге расмий документтерди которууда чечилбей жаткан маселелер бар экендигин белгилеп кетти. «Бул маселени чечүү үчүн котормону борборлоштуруп, орус тилинен эле эмес, башка тилдерден которгон адистерди, синхронист-тилмечтерди машыктырышыбыз керек», - деди К.Талиева.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү