02
Декабрь
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Ар бир адам үй-бүлөдө жашаш керек, буга «Манас» социалдык кыштакчасынын модели жакшы мисал
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин Эл аралык күнүндө Чүй облусунун Москва районунда көчмө жыйын өткөрдү.
Көчмө жыйындын алкагында вице-премьер-министр мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланган Мураке айылындагы «Манас» социалдык кыштакчасына барды.
Социалдык кыштакчанын тарбиялануучулары өздөрү жасаган ар кандай сувенирлерди, наабайканасы жана фермердик чарбасы (уй, тоок багыталат жана күнөскана иштетишет) менен тааныштырышты.
Социалдык кыштакчанын негиздөөчүсү жана директору Гүлбарчын Такырбашева бардык тарбиялануучулар иш менен алек экенин белгиледи. Анын айтымында, «Манас» социалдык кыштакчасынын ишмердүүлүгү бүтүрүүчүлөрдүн жеке инсандык сапатын калыптандырууга жана социалдык өнүгүүгө багытталган. Өндүрүлгөн продукциянын бир бөлүгү сатыкка коюлат.
«Манас» социалдык кыштакчасында 21 адам жашайт. Булар интернатты бүткөндөн кийин барар жери жоктор.
Алтынай Өмүрбекова ар бир адам үй-бүлөдө жашаш керек, буга «Манас» социалдык кыштакчасынын модели жакшы мисал болорун белгиледи.
«Мындай социалдык кыштакчанын тажрыйбасын республика боюнча жайылтуу керек. Социалдык кыштакча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын дараметин ачып, аны жүзөгө ашырууга жардам берет. Алар эмгектенип, өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүдө, өздөрүн ушул коомго керек экенин сезет жана толук кандуу жашоодо жашайт.
Социалдык кыштакча модели – бул балдар үйлөрүнүн, интернаттагы балдардын жашоо сапатын өзгөртүүсүнө унгикалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын бир үй-бүлө катары жашап, чогуу иштеши алардын жашоосунун маңызы болуп калат», – деп билдирди вице-премьер-министр.
Гүлбарчын Такырбашева социалдык кыштакчанын электр энергиясын жеңилдетилген негизде колдонуу, ичүүчу суу менен туруктуу камсыз кылуу, тоют камдоо үчүн жер тилкесин жана өндүргөн продукцияны сатуу үчүн Бишкек шаарынан имарат алуу сындуу бир катар маселелери бар экенин айтты.
Алтынай Өмүрбекова Өкмөт жогоруда айтылган маселелерди чечүүго жардам берерин билдирди, анткен мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири – мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо, алардын татыктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүү болуп саналарын кошумчалады.
Вице-премьер-министр мамлекет социалдык буйрутма аркылуу ар кандай социалдык кызматтарды көрсөткөн коммерциялык уюмдарды мындан ары да колдой берерин белгиледи.
Алтынай Өмүрбекова «Манас» социалдык кыштакчасынын тарбияланучуларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан акча каражатына сертификат тапшырды.
Андан соң көчмө жыйындын катышуучулары мамлекеттик имараттарды рационалдуу пайдалануу, элет жериндеги маданият үйлөрүн, китепканаларды оптималдаштыруу жана алардын алдында балдар үчүн өнүгүү борборлорун ачуу, ошондой эле Өкмөт жеке менчик бала бакчаларга барган аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына каражаттын 50% төлөп берүү боюнча маалыматты элге жеткирүү боюнча маселелер талкууланды.