25

Январь

2013

Мындай билдирүүнү бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Өкмөттүн кезектеги жыйынында жасады.

 Жыйындын күн тартибинин биринчи маселеси болуп 2012-ж.3- июлундагы Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  токтому менен уюшулган

 “Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстерин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды “КумтөрОперейтинг Компани” ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын”  жыйынтыгын кароо жөнүндө болду.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттик комиссиянын ар тараптуу, толук, объективдүү жана ачык иштеши үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп бергенин  баса белгиледи.

“Биздин Өкмөт “Кумтөрдүн”  мындан ары иштешине кызыкдар. “Кумтөр” кенинде алтындын казылышы  Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде жүргүзүлүшү керек. Кенди улутташтыруу боюнча сөз болгон  жок”,- деп билдирди Ж. Сатыбалдиев жана комиссиянын мүчөлөрү  «Кумтор Голд Компани» жана «Кумтор Оперейтинг Компани» ЖАКларынын жетекчиликтери  менен кызматташты деп кошумчалады.

 “Кумтөр” долбоору боюнча мурда кол коюлган макулдашуудан улам чыккан экономикалык жоготуулар, тоо техникалык тармактагы  кетирген каталыктар тууралуу маселелер, кен чыгарып жаткан жердеги иштердин курчап турган чөйрөгө тийгизген таасири, ошондой эле аталган долбоорду натыйжасыз башкаруудан чыккан жоготуулар жөнүндө Мамлекеттик комиссиянын отчётунда камтылганын белгилейбиз.

 Комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу аталган Мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Темир Сариев айтып берди. 

 Өлкө көз карандысыздыка жетишкенден бери  21 жылдын ичинде Жогорку Кеңеш жана Өкмөт тарабынан “Кумтөр” боюнча 17 комиссия түзүлгөнүн Т.Сариев  билдирди.

“Мурда түзүлгөн комиссиялардан айырмаланып бул комиссияга өлкө жетекчилеринин бирөө да кийлигишип басым жасаган жок. 25 адамдан мүчө болгон бул комиссия өзүнүн ишин ачык айкын, калыстык менен карады”,-деди Т.Сариев.

Министрдин айтуусу боюнча “Кумтөр” алтын кенин иштетүү өлкөнүн мыйзамдарын одоно бузуу менен иштетилген. Мисалы, иштер техникалык-экономикалык негиздемесиз, экспертиза жана тендер өткөрбөстөн жүргүзүлгөн. Мыйзам бузуулардын эң эле одоносу болуп  долбоорду ишке ашыруу алтын казып алуу жагында иштебеген “Камеко” компаниясына берилгени эсептелинет. Ошондуктан  зыяндуу калдыктарды  көмүүчү жай, фабрика жана башка объектер  мындай  объектер курууга уруксаат берилбеген  жерлерге курулган.

 Биринчи капиталдык салымдардын көлөмү 275 млн.АКШ долларында бааланган. Бирок бул сумма дагы 176 млн. АКШ долларына көбөйтүлгөн. Ошентип кумтөр кениндеги фабрика 451 млн. АКШ долларына курулган. Ошол эле учурда “Камеко” компаниясы  капиталдык чыгымга аталган сумманын 4,3 пайызын берсе да, акциялардын үч бөлүгүнүн ээси болгон. Бул одоно мыйзам бузуулар ошол учурдагы жогорку кызматтагы адамдардын  унчукпай макул болуп, уруксаат бергенинен жүргүзүлгөн. Мындан тышкары алтын каскан компанияга 1997-жылдан баштап 2009-жылга чейин салык каникулу берилген.

 “Кумтөр” алтын кенинин запасы акыркы көрсөткүчтөр боюнча 900 тоннадан ашык. Анын ичинен 1997-жылдан баштап 260 тонна казылып алынган.

 Ошондой эле  КР Юстици министри Алмамбет Шыкмаматов, КР өкмөтүнүн экономикалык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Осмонбек Артыкбаев доклад жасашты.

 О.Артыкбаевдин айтуусу боюнча көптөгөн мыйзам бузуулар ашкереленген.

Алтын кен компаниясына 1997-жылдан баштап азыркы учурга чейин 6 млрд. 806 млн. сом айып салынган.

Жогоруда аталган мамлекеттик чиновниктин айтуусу боюнча суу тазалоочу жана калдык сактоочу жаңы жайлардын курулушу зарыл.

Мамлекеттик комиссиянын отчету  КР Өкмөтүнө төмөндөгүлөрдү сунуштайт:

- “Centera Gold Inc” компаниясы менен “кумтөр” долбоору боюнча 2009-жылдагы макулдашууну бузуу тууралуу келишимди өткөрүү;

-кыргыз тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаңы макулдашууну түзүү;

-.жер ээсине жерди алганы үчүн компенсация төлөп берүүнү камтыган 2009-ж. “Кумтөр” долбоору боюнча макулдашууларга ылайык компесациялык аянттын кеңейишине компенсация төлөп берүү маселесин кароону;

-Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы суулардын  булганышын баалоо максатында чарбачылык субъектердин сууларга тийгизген техногенндик залалын  аныктоочу категорияларды белгилөөнү;

 - “Кумтор Голд Компани”ЖАКсы Петров көлүнөн сууну пайдаланганы үчүн акы төлөөнү;

-зыяндуу калдыктарды чыгарууда жана аны жайгаштырууда кетирлиген ката эсептөөлөр болгондугуна байланыштуу  тиешелүү кайралдан эсептөөнү жүргүзүүнү;

 Эгерде макулдашууга жетишпесе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөндөгүлөр сунушталды:

 -  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө процедураны демилгелештирүү;

 - 2009-жылдын 6-июнундагы кайрадан каралып чыккан  инвестициялык макулдашууну  бузууну;

 - 2009-жылдын 6-июнундагы кайрадан каралып чыккан  Концессиялык келишимди бузууну;

 - “Кумтөр” долбоорунун алкагында  боюнча түзүлгөн  башка макулдашууларды бузууну;

 Жогоруда көрсөтүлгөн Мамлекеттик комиссиянын  сунуштарын ишке ашыруу максатында Өмөт мүчөлөрү айтылган сунуштарды эске алуу менен КР Өкмөтүнүн  тиешелүү токтомун кабыл алышты. Ошондой эле аталган токтомго алтын казып алуучу компаниянын жетекчилиги менен макулдашууга кол койгон  жана ал документтерди даярдаган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо тууралуу пункт киргизилди.

 Мындан тышкары КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык “Centera Gold Inc”компаниясын  жетекчилиги менен сүйлөшүү боюнча жумушчу тобу түзүлдү.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү

Ж.Сатыбалдиев: Өкмөт “Кумтөрдүн” иштей беришине кызыкдар. Кенди улутташтыруу жөнүндө сөз болгон жок.