2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы жөнүндө
Калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу, жарандардын финансылык маселелерге карата көз карашын өзгөртүү, алардын жашоо шартын жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы 1-тиркемеге ылайык;
- 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын аткарууга тартылган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, аткаруу бийлигинин башка органдары Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин;
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берүү сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков