КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 20-майындагы № 270 токтому

2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн  орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө

Өнүгүүнүн макроэкономикалык параметрлерин аныктоо жана 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү болжолун түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун түзүүдө бекитилген 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык параметрлерин негиз  кылып алсын.
  3. Министрликтер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары орто мөөнөттүү программаларды жана өнүктүрүүнүн стратегияларын иштеп чыгууда өнүгүүнүн 2017-2019-жылдарга бекитилген макроэкономикалык параметрлерин негиз кылып алышсын.
  4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына мониторинг жүргүзсүн.
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 317 “2016-2018-жылдарда Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
  6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
  7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                     С.Ш.Жээнбеков