КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экспорттук дараметти жогорулатуу, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүү алкагында Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) товарларды эсепке алууну камсыздоо, эсепке алынган датаны аныктоо, импортко кыйыр салыктардын толук түшүүсүн, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдердин жана актылардын сакталышын жана товарлардын көзөмөлдө  болушун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  2. 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

“ - Кыргыз Республикасынын ички стационардык темир жол постторундагы контролдоо пункттарынын тизмеги (62-тиркеме);”;

  1. ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда 62-тиркеме менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 “Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттары аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан ташылып келүүчү товарларга товар коштоочу документтерди (эл аралык транспорттук коштомо кагаз – CMR, же коштомо кагаз, эсеп-фактура) милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеси жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер, 2-тиркемеге ылайык.”;

2) 3-пунктунун экинчи абзацы “Талас облусунун Манас районунда (“Чоң-Капка-автожол”),” деген сөздөрдөн кийин “Талас облусунун Кара-Буура районунда (“Маймак” темир жол станциясы),” деген сөздөр менен толукталсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары – ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинде:

- 1-пунктунун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацы “Талас облусунун Манас районунда (“Кичи-Капка-автожол”),” деген сөздөрдөн кийин “Талас облусунун Кара-Буура районунда (“Маймак” темир жол станциясы),” деген сөздөр менен толукталсын;

- 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“31. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү импорттоочунун/жүк ташуучунун автомобилдик транспорт каражаты менен жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казакстан участогундагы автожол контролдук-өткөрүү пункту аркылуу өтүүдө импорттоочу/жүк ташуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамына салыктык каттоосунун бар экендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу салык органынын маалым катын тиркөө менен товар коштоочу документтерин көрсөтөт.”;

- 3-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 311-пункт менен толукталсын:

        “311. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы товар коштоочу документтерди, транспорт каражатынын техникалык паспортун, импорттоочунун/ташуучунун паспортун сканерден өткөрөт, маалыматтык системага сканерленген версияларды киргизет жана маалыматты реалдуу убакыт режиминде убактылуу/стационардык пунктка өткөрүп берет.”;

- 4-главасынын аталышы, 32 - 40-пункттары “убактылуу” деген сөздөн кийин “/ стационардык” деген сөз менен толукталсын;    

  • - 32-пунктундагы “Стационардык пункт ишке киргизилгенге чейинки убактылуу” деген сөздөр “Убактылуу” деген сөз менен алмаштырылсын;

- 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 321-пункт менен толукталсын:

“321. Импорттоочу/жүк ташуучу мамлекеттик чек арадан өткөндөн кийин убактылуу/стационардык пунктка барат, ал жерде ташып келаткан товарын эсепке алуу, иш жүзүндө көрсөтүп жаткан товар коштоочу документтеги маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан келип түшкөн (сканерленген версиядагы), республиканын аймагына товарларды ташып келүүгө негиз болгон маалыматтар жана салмак-габариттик контролдоо пунктунан алынган маалымат менен салыштыруу жүргүзүлөт”; 

- 33-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

“- убактылуу/стационардык пункттун салык кызматы органынын кызмат адамы карап көрүүсү үчүн автотранспорт каражатын ачуу, автотранспорт каражаты ЕАЭБге мүчө мамлекеттин экспортеру тарабынан пломбаланган болсо пломбасын  ачуу;”; 

- 34-пунктунда:

- 1-пунктчасынын үчүнчү абзацы “товарлар боюнча” деген сөздөрдөн кийин “электрондук” деген сөз менен толукталсын;

- 1-пунктчасынын төртүнчү абзацы “товарлар боюнча” деген сөздөрдөн кийин “электрондук” деген сөз менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пунктча менен толукталсын:

“21) Кыргыз Республикасына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келүүдө (импорттоодо) кыйыр салыктардын толук түшүүсүн контролдоо максатында транспорт каражаттарын кароо,  эгерде автотранспорт каражаты ЕАЭБге мүчө мамлекеттин экспортеру тарабынан пломбаланса, зарыл болгон учурда кароо үчүн пломбасын ачуу;”; 

- 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 371-пункт менен толукталсын:

“371. “Маймак” темир жол станциясынын аймагына товарларды импорттоону (ташып келүүнү) ишке ашыруучу салык төлөөчүлөр “Маймак” темир жол станциясынын товарларды эсепке алуу пунктунда импорттолуучу жүктөргө документтерди эсепке алууга жана каттоого милдеттүү. Темир жол менен ташуучу салык органдарынын уруксаты менен салык төлөөчүгө жүктөрдү берүү боюнча иш-аракеттерди жасоого тийиш. Темир жол менен ташуучу салык органдарынын уруксатысыз жүктү бергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.”;

- 38-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“38. Төмөнкү фактылар аныкталган учурда:

- импорттоочуда/ташуучуда эл аралык транспорттук коштомо кагаз (CMR) же тиешелүү коштоочу кагаз, транзиттик декларация, “ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаты үчүн” деген белги менен салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалым кат же импорттоочунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсү, ошондой эле ушул Тартиптин 6-пунктунда аталган документтер болбосо;

- салык кызматынын маалыматтык системасында өткөн мезгилде   ушул  автотранспорт каражаты менен акыркы постто (токтобой өтүү менен) документтерди тариздебей   коштомо кагазы   жок   чек арадан өтүү фактысы болбосо, ал башка ыйгарым укуктуу органдардын автоматташтырылган контролундагы маалыматтар менен салыштыруу жолу аркылуу ачыкка чыкса;

- товар коштоочу документтеги маалыматтар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан келип түшкөн (сканерленген версиядагы) жана салмак габариттик контролдоо пунктунан алынган маалыматтар менен шайкеш келбесе;

- коштоочу кагаздагы көрсөткүчтөр импорттолуучу товардын (жүктүн) иш жүзүндөгү көрсөткүчүнө шайкеш келбесе;

- товарды импорттоочуда жана/же ташуучуда товар коштоочу документ болбосо; 

убактылуу/стационардык пункттун салык кызматы органынын кызмат адамы төмөнкүдөй иш-аракеттерди жасоого милдеттүү:

а) тийиштүү мобилдик топтун жооптуу кызмат адамына бул туурасында дароо маалымдоого;

б) ушул Тартипке ылайык маалыматты берүүнү эсепке алуу журналына жазууга (7-тиркеме);

в) убактылуу/стационардык пункт аркылуу маалымат берүү мүмкүн болбогон шарттарда экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-нөөмөттүк кызматтардын жана/же ички иштер органынын линиясы аркылуу тийиштүү мобилдик топко маалымдоого;

г) мында убактылуу/стационардык пункттун кызматкери транспорт каражатын кароону жүргүзбөйт;

д) тийиштүү мобилдик топтун кызмат адамына маалымдагандан кийин Кыргыз Республикасынын аймагына товарды (жүктү) өткөрөт.”;

- 5-главасы күчүн жоготту деп таанылсын;

         - 53-пунктундагы “жана/же 48” деген сөздөр алып салынсын, ошондой эле “пункттарында” деген сөз “пунктунда” деген сөз менен алмаштырылсын;

- 6-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 55-пункт менен толукталсын: 

“55. Тийиштүү мобилдик топ төмөнкүлөргө укуктуу: 

- жүктү убактылуу сактоочу кампаларга же сактоо үчүн дайындалган башка жерлерге чейин коштоп барууга;

- товардын иш жүзүндөгү көлөмүн, анын таандыктыгын контролдоого жана аныктоого, иш жүзүндөгү жүктү жана товардын аталышын жүк коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар менен салыштырып текшерүүгө, салыштырып кароо үчүн пломбаларды ачууга.”; 

- жогоруда аталган Тартиптин 1-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган Тартиптин 3-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген  (2-тиркемедеги) Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттары аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү, коштомо кагазды милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеси жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                   М.Д.Абылгазиев