Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттери бекитилсин:
1) Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кыймылдоого жардамчы каражаттарга болгон керектөөлөрүн аныктоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга протездик-ортопедиялык буюмдарды, майыптардын кресло-коляскаларын, тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарды (таяк жана балдактарды) даярдоо жана берүү (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизме) 3-главасынын 12-пункту буюмдардын белгиленген тизмегине ылайык), 1-тиркемеге ылайык;
2) Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды, тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарды оңдоо (буюмдардын белгиленген тизмегине ылайык) (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизме) 3-главасынын 13-пункту), 2- тиркемеге ылайык;
3) Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялоонун жекече программаларын иштеп чыгуу (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизме) 3-главасынын 14-пункту), 3- тиркемеге ылайык;
4) Таяныч-кыймылдоочу аппаратында кемчилиги бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды реабилитациялоонун жекече программасы боюнча реабилитациялоо (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизме) 3-главасынын 15-пункту), 4-тиркемеге ылайык;
5) Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан социалдык стационардык мекемелерге жана социалдык тейлөөгө жолдомолорду берүү (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизме) 3-главасынын 24-пункту), 5- тиркемеге ылайык;
6) Социалдык стационардык мекемелерде социалдык тейлөө, (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизме) 3-главасынын 25-пункту), 6-тиркемеге ылайык;
7) Жалгыз бой жашаган улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйүнө барып социалдык тейлөө (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизме) 3-главасынын 26-пункту), 7-тиркемеге ылайык;
8) I топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 5 жылда бир жолу ден соолугун чыңдоого санаториялык-курорттук жолдомолорду берүү (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизме) 3-главасынын 27-пункту), 8-тиркемеге ылайык;
9) Дарыгердин жолдомосу боюнча майыптыгы жок муктаж болгон жарандарга, белгиленген тизмектен сырткары протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо жана берүү (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизме) 3-главасынын 28-пункту), 9-тиркемеге ылайык;
10) Майыптыгын, тобун, себебин, мөөнөтүн аныктоо боюнча күбөлөндүрүү/кайра күбөлөндүрүү (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизме) 5-главасынын 2-пункту), 10-тиркемеге ылайык;
11) Майыптык белгилеринин болушуна сырттан жана каза болгондон кийин экспертиза жүргүзүү жана майыптыгы боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизме) 5-главасынын 3-пункту), 11-тиркемеге ылайык.
2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгы, Социалдык камсыздоо департаменти, Маалыматтык технологиялар бөлүмү, Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси, Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга реабилитациялоо борбору, социалдык стационардык мекемелер, райондук, шаардык жана райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары жана райондук шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар бул буйрукту жетекчиликке алышсын.
3. Маалыматтык технологиялар бөлүмү бул буйрук күчүнө киргенден тарта үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин веб-сайтына жана ftp серверине жайгаштырсын.
4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгы:
1) Ушул буйрук катталгандан кийин расмий жарыялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтсүн;
2) расмий жарыялангандан кийин бул буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук жана кагаз түрүндө, жарыялоо булагын белгилөө менен ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
3) ушул буйрук күчүнө киргенден кийин буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыялангандан күндөн тарта жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Документтик камсыз кылуу жана администрациялык колдоо бөлүмү бул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Ж. Алыбаевага жүктөлсүн.