КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы 113 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы уюштурулсун.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасынын сүрөттөмөсү 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак белгисинин сүрөттөмөсү 3-тиркемеге ылайык.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 463 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын  13-декабрындагы № 853 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 497 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 714 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин даярдоо тартибин жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту.

  4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 


Төрага                                                                                                           У.А.Марипов 


Жобо (2).docx

сүрөттөмө.docx

сыйлоого көрсөтүү барагы.docx


Тиркемелер

Басып чыгаруу