КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30 - сентябрындагы №192 токтому

Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө

Энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүүнү, стабилдүү жана ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында, “Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине жана “Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтерди белгиленген тартипте бекитсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы № 188 “Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага                                                                                                    У.А.Марипов


Тиркеме