Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 3-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагындагы башка уюмдардын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги
1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жана борбордук органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги 2-тиркемеге ылайык;
3) мамлекеттик органдардын башкаруучу түзүмдөрүнүн штаттык бирдиктеринин минималдуу ченеми 3-тиркемеге ылайык;
4) мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик кызмат орундарынын ченемдик түзүмү 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орун басарларынын санынын чеги 5-тиркемеге ылайык;
6) мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызмат орду киргизилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тизмеси 6-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомдун 3, 4-тиркемелери Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата колдонулары белгиленсин.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик башкаруу органдарынын юридикалык жактын статусу бар ведомстволук бөлүмдөрү жана мамлекеттик ишканалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тийиштүү чечимдерин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен түзүлө тургандыгы белгиленсин.
4. Министрликтерге, мамлекеттик комитетке, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик башкаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары атайын каражаттардын же башка каржылоо булактарынын эсебинен күтүү менен штаттык кызматкерлерди алууга тыюу салынсын.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитет, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагындагы башка уюмдар жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
– бир айлык мөөнөттө түзүмдөрүн жана штаттык сандарын ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруунун жана кыскартуунун жүрүшүндө бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин;
– өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Бул токтом штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн каралган каражаттардын чегинде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдери
7-тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага А.У. Жапаров