Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө
Экономика тармактарын жана калкты электр, жылуулук энергиясы жана отун ресурстары менен камсыз кылуу, министрликтерди, мамлекеттик комитетти, администрациялык ведомстволорду жана республиканын региондорун
2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүүгө өз убагында даярдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» жана «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканалары (мындан ары – тиешелүү түрдө«Кыргызкөмүр» жана «Кыргызжылуулукэнерго» МИ) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана макулдашуу боюнча: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы», «Электр станциялар», «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Түндүк электр», «Ош электр», «Чыгыш электр», «Жалалабат электр», «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору», «Кыргызнефтегаз», «Бишкек жылуулук тармактары» ачык акционердик коомдору (мындан ары – ААК), «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому
(мындан ары – ЖЧК) жана «Жылуулук менен камсыз кылуу» Ош муниципалдык ишканасы:
1) 1-21-тиркемелерге ылайык Иш-чаралар планын, электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөө лимиттерин, графиктерди жана тапшырмаларды аткарууну камсыз кылышсын;
2) 2022-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө:
– 2021/2022-жылдардын жылытуу мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чараларды иштеп чыгышсын;
– Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын өкүлдөрүнүн катышуусу менен алдыдагы күз-кыш мезгилине отун-энергетикалык комплексинин буу казан жайларынын жана ишканаларынын иштөөгө даярдыгын текшерүү боюнча жумушчу комиссияларды түзүшсүн (буу казан жайлары жана энергетикалык жабдуулардын башка түрлөрү бар мекемелер үчүн);
3) 2022-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө белгиленген тартипте бюджеттик уюмдар үчүн отунду мамлекеттик сатып алуу чараларын көрүшсүн, аны жеткирүүгө келишимдерди түзүшсүн;
4) ушул токтомду аткаруу жөнүндө маалыматты, анын ичинде көмүрдү, жагуучу мазутту жана жаратылыш газын мамлекеттик сатып алуу тууралуу, отунду камдоо боюнча пландуу тапшырмаларды аткаруу, отун базаларын жана көмүрдүн рыноктук баасын көрсөтүү менен көмүр сатуу пункттарын түзүү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен 1ине карата абал боюнча берип турушсун.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине маалыматтарды берүү жана анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын жетекчилерине жүктөлөт;
5) отун-энергетикалык ресурстарды керектөөдө чыгымдарды азайтуу максатында энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу саясатын ишке ашыруу боюнча туруктуу негизде чараларды көрүшсүн.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) энергия үнөмдөө, алдыдагы жылытуу мезгилине өз убагында отун даярдоо зарылдыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы:
1) Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларын көмүр менен камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын көмүр казып алуу ишканалары үчүн көмүрдүн баасын «Кыргызкөмүр» МИ берген тизмеге ылайык белгилесин;
2) күйүүчү-майлоочу жана башка чыгымдалуучу материалдардын наркы өзгөргөн учурда аларды кайра кароо (кайра бекитүү) укугу менен төмөнкү маршруттар боюнча автотранспорт каражаттары менен көмүр ташууга бааларды белгилесин:
– Кара-Кече – «Рыбачье» темир жол станциясы жана Таш-Көмүр – Бишкек шаарынын ЖЭБи боюнча;
– Кара-Кече – Балыкчы, Бишкек, Нарын, Каракол, Беловодское, Кант, Токмок, Талас; Таш-Көмүр, Өзгөн, Алай – Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу; Миң-Куш – Балыкчы, Бишкек;
3) Балыкчы шаарынын жүктөө-түшүрүүчү аянтчасына көмүрдү темир жол транспортуна кайра жүктөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын «Кыргызкөмүр» МИ берген материалдарга ылайык белгилесин;
4) «Кыргызнефтегаз» ААК үчүн Ош шаарынын ЖЭБине, «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин жылуулук менен камсыздоо филиалдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнө жеткирүү үчүн «М-100» маркасындагы жагуучу мазуттун баасын белгилесин;
5) күйүүчү-майлоочу жана башка чыгымдалуучу материалдардын наркы өзгөргөн (кымбаттаган же арзандаган) учурда аларды кайра кароо (кайра бекитүү) укугун берүү менен «Кыргызнефтегаз» – Кочкор-Ата, Жалал-Абад, Чолпон-Ата, Беловодское, Орловка, Токмок, Балыкчы, Кара-Балта маршруттары боюнча автотранспорт каражаты менен мазут ташууга баалардыбекитсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) отун базаларында жана калкты көмүр менен камсыз кылуучу сатуу пункттарында көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол беришпесин. Көмүрдүн баасы бир айдын ичинде 20 жана андан ашык пайызга негизсиз жогорулаган учурда тиешелүү чараларды көрүшсүн жана мыйзамдарда белгиленген тартипте бааларды турукташтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине сунуштарды киргизишсин.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан киргизилген сунуштарга мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча бир айдын ичинде баалар 20 жана андан ашык пайызга негизсиз жогорулаган учурда көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизишсин.
7. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институту(мындан ары – Институт):
1) 2023-жылдын 30-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу бюджеттик уюмдар үчүн электр, жылуулук жана жаратылыш газын керектөө лимиттерин түзүүнүн методикасынын долбоорун иштеп чыксын;
2) 2023-жылдан 1-январынан тартып туруктуу негизде бюджеттик уюмдардын тизмесине киргизсин жана электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн такталган лимиттеринин такталган чоңдуктарын белгилөө максатында кийинки жылдарга райондук маанидеги шаарларга жана айыл аймактарына энергетикалык текшерүү жүргүзсүн.
8. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, райондук маанидеги шаарлардын мэрияларына жана айыл өкмөттөрүнө 2022-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Институтка 2018, 2019, 2020 жана 2021-жылдар үчүн электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн ар айлык иш жүзүндөгү көлөмүн берүү сунушталат.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) 2022-жылдын ичинде республиканын бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардын шарттарында жашаган адамдарга компенсациялоо каражаттарын өз убагында бөлүүнү «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде камсыз кылсын;
2) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча 2022-жылга карата Институтка «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын «Топтолгон финансылык резервдер» 2829-беренеси боюнча каралган каражаттардан бөлүп берсин:
– Электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимиттерин түзүүнүн методикасынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн 1 000 000 (бир миллион) сом;
– райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын бюджеттик уюмдарынын электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөө лимиттеринин такталган чоңдуктарынбелгилөө максатында кийинки жылдарга энергетикалык изилдөөбоюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;
3) «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөрүүлөрдү карасын.
10. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте 2023-жылдан 1-январынан тартып райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын бюджеттик уюмдары үчүн энергия ресурстарын (электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы) керектөө лимиттерин Институт тарабынан энергетикалык изилдөөнүн жүрүшүндө алынган такталган чоңдуктардын негизинде бекитсин;
2) Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу бюджеттик уюмдар үчүн Электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимиттерин түзүүнүн Методикасын белгиленген тартипте бекитсин.
11. Институт райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдарын энергетикалык изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү жана Методикасын иштеп чыгуу үчүн бөлүнгөн финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
12. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилине «Рыбачье» темир жол станциясынан «Аламүдүн» темир жол станциясына (Бишкек ш. ЖЭБ) бир тонна «Б» маркасындагы көмүрдү «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» МИ тарабынан ташууга бардык кошумча жыйымдарды эске алуу менен (кошумча нарк салыгын эсепке албастан) коюлган тарифти белгилөөнү камсыз кылсын.
13. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) 2022-жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө электр, жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, көмүр жана мазут үчүн
отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын алдында бюджеттик керектөөчүлөрдүн карыздарын төлөсүн;
2) керектелген электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, көмүр жана күйүүчү мазут үчүн өз убагында төлөмдү толук көлөмдө камсыз кылсын;
3) ар бир уюмга электр энергиясын керектөөнүн жана кубаттуулуктун лимиттерин жеткирсин;
4) электр энергиясын керектөөнүн жана кубаттуулуктун белгиленген лимиттерин сөзсүз сактоо үчүн контролду камсыз кылсын жана чараларды көрсүн;
5) энергияны үнөмдөө жана энергия натыйжалуулук боюнча иш-чараларды өткөрсүн;
6) 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгили башталганга чейин электр от казандарын энергиянын альтернативалуу булактарын (көмүр, газ) пайдаланууга өткөрүүнү камсыз кылсын;
7) Токтогул суу сактагычында суунун топтолушуна байланыштуу түзүлгөн учурдагы кырдаал жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калк жана бизнес-түзүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө энергетикалык компанияларга көмөк көрсөтсүн;
8) энергетика компанияларынын электр энергиясын берүүнү токтотууну талап кылган оңдоо, анын ичинде аба жана кабелдик электр линияларынын корголуучу зоналарында бак-дарактарды кыюу иштерин жүргүзүүнү энергетика компаниялары менен өз убагында макулдашууга көмөк көрсөтсүн.
14. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы электр линияларын жана магистралдык газ түтүктөрүн пландык же авариялык оңдоону жүргүзүү зарыл болгон учурда чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы) аймагынан оңдоочу-техникалык персоналды, технологиялык жабдууларды жана шаймандарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.
15. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү убагында «Электр станциялар», «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр», «Жалалабат электр», «Кыргыз энергетика эсептөө борбору», «Чакан ГЭС», «Бишкек жылуулук тармагы», «Кыргызнефтегаз» ААКтарынын, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын, Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын, «Жылуулук камсыздоо» Ош муниципалдык ишканасынын, «Кыргызжылуулукэнерго», «Кыргызкөмүр» МИлеринин жана отун даярдоо ишине тартылган көмүр казуучу ишканалардын алыш-бериш эсептерин жабуу жөнүндө чечимдерди кабыл албасын.
16. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы», «Электр станциялар», «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр», «Жалалабат электр», «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору», «Чакан ГЭС» ААКтары, дүң сатып алуучулар – сатуучулар жана керектөөчүлөр – кайра сатуучулар менен биргеликте:
1) кубаттуулугу болгондо гана тиричиликтик эмес энергия сыйымдуу керектөөчүлөргө техникалык шарттарды берүүнү жүзөгө ашыруу;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен биргеликте калк жана бизнес түзүмдөрү арасында жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү:
– Токтогул суу сактагычында суунун топтолушунун түзүлгөн абалы жөнүндө;
– электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу, отунду жана энергияны сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу жөнүндө;
– энергия натыйжалуу жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды пайдалануу жөнүндө;
– энергияны үнөмдөө жана отун ресурстарын өз убагында даярдоо жөнүндө;
– алдыдагы жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө;
– 2-11-тиркемелерге ылайык электр энергиясын керектөө лимитин сактоо боюнча иштерди жүргүзүү жөнүндө.
17. Төмөнкүлөргө жеке жоопкерчилик жүктөлсүн:
1) электр энергиясын керектөөнүн жана кубаттуулуктун белгиленген лимиттерин аткаруу үчүн – Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, айыл өкмөттөрүнүн башчыларына, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жетекчилерине, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы», «Электр станциялар», «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Түндүк электр», «Ош электр», «Чыгыш электр», «Жалалабат электр» жана «Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору» ААКтарына;
2) энергетикалык жабдууларды оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин сапаты жана өз убагында жүргүзүлүшү үчүн – «Электр станциялар», «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Түндүк электр», «Ош электр», «Чыгыш электр», «Жалалабат электр», «Чакан ГЭС», «Бишкек жылуулук тармагы» ААКтарына, Бишкек шаардык мэриясынын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына, Ош шаардык «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасына жана «Кыргызжылуулукэнерго» МИге.
18. «Кыргызжылуулукэнерго» МИ Нарын шаарынын мэриясы менен биргеликте 2022-жылы 10 электр отканасын, анын ичинде «Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» филиалынын балансында турган 4 электр отканасын жана Нарын шаардык мэриясынын балансында турган 6 электр отканасын катуу отун – көмүргө пландуу өткөрүүнү жүзөгө ашырсын.
19. «Бишкек жылуулук тармагы» ААКка, Бишкек шаардык мэриясына караштуу «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына, «Кыргызжылуулукэнерго» МИге, Ош шаардык «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча департамент тарабынан белгиленген 2022-жылга пландалган техника-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу;
2) откана жабдууларын жана жылуулук тармактарын оңдоо иштерин 2022/2023-жылдын жылытуу мезгили башталганга чейин аяктоо.
20.«Кыргызкөмүр» МИ:
1) 2022-жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө көмүрдүн баасын белгилөө үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларына көмүрдү жеткирүүнү жүзөгө ашырган көмүр казып алуучу компаниялардын тизмесин берсин;
2) көмүр казып алуу боюнча иштерди жүргүзүүдө техникалык коопсуздук эрежелеринин так сакталышын камсыз кылсын;
3) алдыдагы 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилине өз убагында даярдык көрүү максатында көмүр катмарларын ачуу боюнча иштердин толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу үчүн Кавак күрөң көмүр бассейнинин иштетилүүчү участокторун тоо-кен жана транспорттук жабдуулар менен комплектесин;
4) Бишкек ЖЭБине жеткирилүүчү көмүрдүн сапатын «Электр станциялар» ААК койгон техникалык көрсөткүчтөргө шайкештигин камсыз кылсын;
5) алдыдагы 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилине карата зарыл болгон көлөмдө «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин филиалдарына көмүр жеткирүүнү жүзөгө ашырууну камсыз кылсын.
21. «Кыргызнефтегаз» ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:
1) 2022-жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Ош шаардык ЖЭБине, «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин жылуулук менен камсыздоо филиалдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнө жеткирүүгө «М-100» маркасындагы жагылуучу мазуттун баасын аныктоо үчүн эсептөөчү материалдарды берүү;
2) Ош шаарынын ЖЭБине, «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин жылуулук менен камсыздоо филиалдарына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнө жагылуучу мазутту зарыл болгон көлөмдө жеткирүүнү камсыз кылуу.
22. «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:
1) 2022-жылдын ичинде «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр», «Жалалабат электр» жана «Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ААКтары менен биргеликте электр энергиясынын жоготууларын төмөндөтүү:
– «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын 110-500 кВ чыңалуусу менен электр тармактарында 5,95 %га чейин;
– 0,4-35 кВ чыңалуусу менен бөлүштүрүүчү электр тармактарында 11,7 %га чейин, анын ичинде «Түндүк электр»
ААКта – 11,0 %га чейин, «Чыгыш электр» ААКта – 13,8 %га чейин, «Ош электр» ААКта - 11,9 %га чейин, «Жалалабат электр» ААКта – 12,1 %га чейин жана 2022-жылдын төртүнчү кварталы үчүн бюджеттик керектөөчүлөрдүн карызын жана бийик тоолуу шарттарда жана республиканын барууга кыйын алыскы райондорунда жашаган адамдарга компенсацияларды төлөөнү эсепке албаганда дебитордук карызды 10 %га азайтуу;
2) «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр» жана «Жалалабат электр» ААКтары менен биргеликте 2022-жылы 600,0 миң даана өлчөмүндө электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (мындан ары – АСКУЭ) алууну жана орнотууну белгиленген тартипте камсыз кылсын;
3) «Электр станциялар», «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр», «Жалалабат электр» жана «Чакан ГЭС» ААКтары менен биргеликте республиканын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча чараларды көрсүн;
4) «Электр станциялар», «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр», «Жалалабат электр» жана «Чакан ГЭС» ААКтары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу
Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча департамент тарабынан белгиленген 2022-жылга пландуу техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү аткарууну камсыз кылсын.
23. «Кыргызстан улуттук электр тармагы», «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр», «Жалалабат электр» ААКтарына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагыыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары менен биргеликте
электр энергиясын керектөөнүн жана кубаттуулуктун лимиттериненашып кетүүгө жол бербөө;
2) энергетика системасынын ишенимдүү иштөөсүнө таасир этүүчү авариялык кырдаалдардын келип чыгышын алдын алуу же жоюу жана күч трансформаторлорун иштөөчү абалда сактоо үчүн «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын подстанцияларынан зарыл болгон кубаттуулук чоңдуктарын өчүрүүгө уруксат берүү.
24. «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр», «Жалалабат электр» ААКтарына жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте электр тармактарын электр энергиясын керектөөнүн жана кубаттуулуктун лимиттеринен ашып кеткен, жабдуу ашыкча жүктөлгөн, кубаттуулуктун жана электр энергиясынын тартыштыгы учурларында колдонуу үчүн аларды азайтуу графиктерин иштеп чыксын жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКкаберсин.
25. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» жана «Электр станциялар» ААКтарына электр энергиясын ири керектөөчүлөр, электр энергиясын дүңүнөн сатып алуучулар – сатуучулар жана керектөөчүлөр – кайра сатуучулар менен биргеликте электр тармактарын электр энергиясын керектөөнүн жана кубаттуулуктун лимиттеринен ашып кеткен, негизги жабдуу ашыкча жүктөлгөн, электр энергиясынын жана кубаттуулуктун тартыштыгы учурларында колдонуу үчүн аларды азайтуу графиктерин иштеп чыгуусунушталсын.
26. «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилинде Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБи жана Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүүчүн жаратылыш газын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу;
2)Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин газ менен камсыз кылуунун жана газдаштыруунун башкы схемасынын алкагында 2022-жылга инвестициялык программаны ишке ашырууну камсыз кылуу;
3)ай сайын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине 2022-жылга инвестициялык программанын аткарылышы жөнүндө маалыматты берип турсун;
4) «Түндүк электр», «Ош электр», «Чыгыш электр», «Жалалабатэлектр» ААКтары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын калкын газ менен жылытууга кошууну камсыз кылсын.
27. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы № 10 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 137 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 13 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 137 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын
2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 191 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө» токтомунун 9-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-декабрындагы № 305 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 137 «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому.
28. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
29. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У.Жапаров