Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №245 токтому

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө

Электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүнү талаптагыдай жана натыйжалуу техникалык координациялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасын санариптештирүү чөйрөсүндө стратегиялык маанилүү техникалык милдеттерди аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана
 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемеси (мындан ары – Мекеме) түзүлсүн.

2. Мекеме жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Мекеме электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн төмөнкү элементтеринин оператору болуп аныкталсын:

– «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы;

– Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы;

– Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы;

– Бирдиктүү идентификациялоо системасы;

– Электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн реестри;

– Базалык маалыматтык ресурстардын реестри.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын
 6-апрелиндеги № 197 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) 1-пункттун экинчи абзацындагы «238» деген цифралар «239» деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда
 239-тиркеме менен толукталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
 7-октябрындагы № 525 «Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 2-пункттагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасына» деген сөздөр «Түндүк» мамлекеттик мекемесине» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
 31-декабрындагы № 745 «Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасы жана аны пайдалануу эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 2-пункттагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы» деген сөздөр «Түндүк» мамлекеттик мекемеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
 31-декабрындагы № 748 «Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 11-пункттагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы» деген сөздөр «Түндүк» мамлекеттик мекемеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-пункттун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун
 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын уставында:

– 8-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

– 9-пункттун 5, 6 жана 8-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;

– 10-пунктта:

1-пунктчанын төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи, сегизинчи жана он экинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

2-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;

– 11-пункттун 3 жана 20-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.

10. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы Мекеменин балансына төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:

– электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн элементтерин («Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын, Бирдиктүү идентификациялоо системасын, Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын, Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасын, Улуттук мониторинг системасын, Электрондук башкаруу инфратүзүмүнүн реестрин, Базалык маалыматтык ресурстардын реестрин);

– Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Түндүк» мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруунун натыйжасында мурда алынган жабдууларды жана негизги каражаттарды.

11. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы жабдууларды жана негизги каражаттарды Мекеменин балансына өткөрүп берүүсү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин
 288-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган берүү болуп саналары белгиленсин.

12. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

– «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте карасын;

– маалыматтык системалардын иштешин жана Мекеменин ишин камсыздоо үчүн Мекеме тарабынан берилген өлчөмдөгү финансы каражаттарын жыл сайын республикалык бюджетте карасын. 

13. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Мекемени туруктуу жайгаштыруу үчүн жалпы аянты 421 кв.м болгон, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 96 дарегинде жайгашкан жайга Мекемени жайгаштырсын.

14. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлгөн Мекемени юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн. 

15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

16. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

1-тиркеме.docx

2-тиркеме.docx

3-тиркеме.docx

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Тѳрагасы                                                                        А.У. Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу