КР Министрлер Кабинетинин 08.08.22 ж. №442 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын12-июлундагы № 384 “Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 “Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жободо: 

– 9-пунктунда:

3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына жана анын жубайына;”; 

6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“6) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик жана башка кызмат орундарын ээлеген адамдарга;”; 

8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“8) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын компетенциясына эл аралык кызматташуу маселелери кирген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине;”;

– 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“11. Эл аралык уюмдарга ишке жиберилген, өз ишин чет мамлекеттердин аймагында жүргүзгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык белгилүү бир артыкчылыктар жана иммунитеттер каралган Кыргыз Республикасынын жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайы, 18 жашка чыга элек балдары, ошондой эле ата-энесинин же ата-энесинин биринин багуусунда болгон ден соолугунун мумкүнчүлүгү чектелген бул курактан ашкан балдары жана кызматкердин багуусунда болгон ата-энеси) Кыргыз Республикасынын тейлөөчү мамлекеттик органдарынын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын буйругу (жеткиликтүүлүгү чектелген гриф менен) менен бекитилген Кызмат орундарынын тизмегине ылайык дипломаттык же кызматтык паспорттор берилет.”;

– 12-пунктунун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– балдар менен бирге чыккан учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана дипломаттык же кызматтык паспортту тариздөөгө экинчи ата-энесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу (арыз берүүчү жалгыз ата-эне болбогон учурда).”; 

– 15-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы;”;

– 19–24-пункттары түрдүү жөндөмөлөрдөгү “КТБ” деген аббревиатурадан кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери” деген сөздөр менен толукталсын;

– 30-пунктундагы “статс-катчыга” деген сөз “ведомствонун жетекчисинин кадрдык саясат маселелерин тейлеген орун басарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 34-пунктундагы “Премьер-министринин” деген сөз “Министрлер Кабинетинин Төрагасынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;   

– 41-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“41. Иш сапарга жиберүүчү уюмдар тарабынан берилген маалыматтын негизинде консулдук кызмат Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан дипломаттык же кызматтык паспортту алып коюу үчүн чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына кабарлоо үчүн жараксыз паспорттордун маалыматтар базасына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасына 5 (беш) жумуш күндүн ичинде тиешелүү маалыматтарды киргизет.”; 

– 45-пунктунун онунчу абзацындагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– жогоруда аталган жобонун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун  1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

ТОКТОМ.docx

тиркеме 1.docx

тиркеме 2.docx

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                    А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу