КР Министрлер Кабинетинин 27.02.24-ж. № 83 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 


Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 127131-беренелерин ишке ашыруу, рейддик салык контролун уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана салык постун орнотуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:


1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2022
-жылдын 24-февралындагы № 95 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана
 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө»
 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 жогоруда аталган токтом менен бекитилген 1–3-тиркемелер ушул токтомдун 1–3-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы А.У. Жапаров