Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине (тизмегине) киргизилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы
№ 603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомунун 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилген айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын
3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүктөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине (тизмегине) киргизилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
1) “Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдама берүү” 1-тиркемеге ылайык;
2) “Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдаманы тез аранын ичинде акы төлөмө негизде берүү” 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, ушул буйруктун “Эркин-Тоо” гезитине же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтында расмий жарыяланышы камсыз кылынсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчү аркылуу жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн;
4) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жогоруда көрсөтүлгөн стандарттарына ылайык, мамлекеттик кызматтарды эффективдүү көрсөтүү боюнча иштер уюштурулсун;
5) Көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чаралар көрүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
4. Буйруктун талаптарынын талаптагыдай аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысынын орун басарына жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү республиканын ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилерине жүктөлсүн.
5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары - Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысы милициянын генерал-майору С.Н. Ниязбековго жүктөлсүн.
6. Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.
Министр
милициянын генерал-лейтенанты У.О. Ниязбеков